Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбековго, Боршайкомдун Төрайымы Н.Шаилдабековага, КР Башкы Прокурору И.Жолдубаевага, КР Өкмөтүнүн Премьер-министри С.Исаковго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө… Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге кайрылуу менен биз учурдагы кызмат абалына карата 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө түздөн түз милдеттүү, ошону менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн жоопкер мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылып жатабыз. Шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, жергиликтүү тургундарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарга административдик кысым көрсөтүлбөй, “ыплас технологиялар” жана добуштарды сатып алуу […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору (мурдагы бөлүмү ушул шилтеме) Убактылуу Өкмөт 2008-жылдын аягында БЭК түзүлүп жатканда бир гана Бакиевдердин жеке үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы биригип, радикалдык-революциялык жолдор менен аракеттенүү эле эмес, ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ордуна кандай бийлик системасы, кандай заман курулары жөнүндө да оппозиция лидерлери бир пикирге келип калган эле. Эгерде 2008-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстанда негизинен оппозиция үч топко бөлүнүп аракеттенип жүрсө, БЭК түзүлөрү менен оппозиция бир муштумга бириге алышты. (Сынганы сынып, БЭКке келбей калгандарды кошкондо) Мурда оппозициянын айырмачылыктары жогоруда […]