Саясаттагы жаңы дүбүрт эмне дейт?

«Мекен Ынтымагы» Саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу өлкөбүздүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, учурдагы саясый жана экономикалык кризистин алкагында улуттук экономиканын кемчиликтери оркоюп көрүнүп калды. Албетте, биздин өлкөнүн жетекчилиги социалдык-экономикалык проблемалардын татаалдыгын жана анын даражасынын наркын жакшы билет. Бирок мындан ары ал проблемаларга көз жумуу келечекте оор кесепеттерге алып келээрин унутпоо керек. Экономикадагы убактылуу проблемаларды чечүү үчүн өлкөнүн эле эмес, бүтүндөй региондун экологиялык тутумунун жаратылыш тең салмактуулугун курутууга барган […]