Сынакка: Дүйнө таанымдагы аялзаттын тарыхый нарк-насили

№18 Кыргыз ыйык туткан ак түс, ак жоолук, аппак кыз,  ак нан. Жоолугундай  тилектери аппак ак апаларын, аялзатын ыйык тутуп, сыйлап келгени анык. Дегеле аялзаты коомдо кандайдыр бир сөз айтуу мүмкүндүгүнө канчалык ээ эле, коомдогу, элдин дүйнө таанымындагы аялдардын орду кандай эле деген  маселелер тегерегинде сөз учугун  баштоого аракеттенип көрөлү. Ислам динин тереңдеп окуса, аялдардын эң биринчи кадыр-баркын көтөргөн ислам дини болгон. Мухаммед пайгамбар жаңы келген VI-VII кылымда аялдардын кадыр-баркы аябай тепселип турган кез болот. Пайгамбарыбыз «Бейиш энелердин таманынын алдында» […]

Сынакка: Э, Сайра!

№17 “Кыргызда  кыздын аты улук” дейбиз. “Кыргыз эзелтеден аялзатын барктап, баалап төрдөн орун боруп келген” дейбиз. “Кыргызда азыркы жаңы чыгып жаткан гендердик маселе деген түшүнүк эзелтеден эле бар болчу, биздин ата-бабабыз эч убакта аялдарды басмырлаган эмес, укугун тең карап келген” деп макала жазып, жыйындарда сүйлөсөк оозубуздан алтын шилекей чачырайт. Бирок эч кимибиз кыргыз аялдарынын жонуна артылган оор жүктү айтып, акыйкатты моюнга алгыбыз келбейт. Өлүп баратсак да ал тууралуу тилибизди күрмөбөйбүз го, чиркин. Мына бүгүн мен ошол оор чындыктын оозун ачып, […]

Сынакка: Эне-эң таасирдүү тарбиячы

№16 Сен  кимсиң  аялзат?! Бул  суроону  эң  оболу  өзүмө  берип  көргүм   келет.  Ырас  эле  мен  киммин?..  Алгачкы  эле  жообум,  эки  кызга  эне  болсом  да,  апама,   атама  дале  бала  экендигим.  А  коомдо  катардагы  бир аялзатымын.  Ананчы?  Анан  үйдө  жолдошум  үчүн аял,  ашпозчу,   кызматчы,  жардамчы,  кул,  а  кээде  кеңешчи,  дос.  Булар  албетте,  менин  «ЭНЕ»  статусун алгандан кийинки  кошумча  милдеттерим.   Эң  сыймыктуусу  —  ЭНЕ  болгондугум.  Балдарым  үчүн  апам  сыяктуу  тарбиячы,  окутуучу,  аалам  экендигим. Эми  ушул  энелик  милдеттеримди  так  аткарып,  үй  бүлөлүк  коломтомдун  жылуулугун  […]

Сынакка: Ден соолук менен сулуулук өз колуңда аялзат

№15 Эгер жалпы эле аялзатыбыздын, тактап айтканда. энелердин ден соолугу болбосо анда балдарыбыздын ден соолугу болбойт, демек, мамлекеттин келечеги болбойт дегенди билдирет. Биздин аялдар коомго мүмкүн болушунча жардамдашып жатат. Бала-бакыраны багып жаткан ким? Эркектер аткарбаган жумушту аткарып, эртеден-кечке чейин таманынан сыз өткөрүп, базарда отургандар ким? Россияда Уралдан баштап Чукоткага чейин жүргөндөр кимдер? Аялдар аргасыздан эркектердин бүт жумушун мойнуна алышты. Москвада эшик шыпырып, даараткана тазалап жүргөндөрдүн көбү кыргыз кыз-келиндер… Өткөн жылы Орусиянын Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан өрт чыккан. Өрттүн […]

Сынакка: Аалам жүгүн мойнуна арткан аялзат…

№14 Сен кимсиң, аялзат? Өзүнө карата берилген бу суроого бирин-экин гана аял шар жооп бербесе, көпчүлүктү ойлондуруп, жооп таппай түйшөлтө койот. «Ким экенимди жада калса өзүм да билбейт турбаймынбы!?… Каап десе… Билбеймин эмес, билүү үчүн өз өмүрүмө өзүм үңүлө карабапмын, карамакка чоло тийген эмес да», — деп актанат анан. Негизи, аялзаты дүйнөгө келгенден тарта, түйшүккө кабылат. Ата-энеси, тууган-туушканы ар дайым эле кыз төрөлгөнүнө кубана бербейт. Аны моюнга алгыбыз келбегени, «кыз деле перзент, кудайдын бергени да» деп кобураган менен, ичибизден «иии, […]

Сынакка: Өй, камчың каякта, Камчыбек?

№13 Доорлордун бир доорлорунда айтканынан кайтпаган, ар кайсы элди түрдүү айла-амал менен басып алган амалкөй, анан да мыкаачы падыша болгон делет рываяттарда. Ошол кан жуткан хан бир күнүөзүнүн эң ишенген мыкты тыңчыларын эки элге бир карап, байкап келгиле, эмики багытыбыз, басар элибиз ушулар болот деп жиберет. Тыңчылар түн жамына көздөн кайым болушат… Бир жылбы, эки жылбы айтор, арадан анча убакыт өткөн соң, баягы элчилер хандын алдында пайда болушат. Биринчиси: — Оо улуу урматтуум. Мен сиз жиберген элди аябай кезип келдим. […]

Сынакка: Үй-бүлө төңкөрүшүнүн себеби неде?

№ 12 Сен кимсиң, аялзат? Бул суроого жооп берээрден мурун, “Мен киммин?” деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүүнү туура көрдүм… Ооба, мен киммин? Жаратылыш мыйзамы ар бир жандууну эркек-ургаачы кылып жаратканы — тукум улансын, өлүм менен өмүрдүн баркын билишсин дегени го…  Болбосо баарын бир жыныста жаратып, өлбөй тургандай кылып коёт беле? Адам баласын эркек-аял кылып бөлүп, ар бирине ар кандай жөндөм, ар кандай келбет, бири-бирине дегеле окшошпогон мүнөздү ыроологону – бири-бириңди толуктап, жөлөк-таяк болгула дегениби же өмүр бою бири-бириңди түшүнө албай, […]

Сынакка: «Тең укуктуулуктун» күңгөй-тескейи

№11 «Аялдар мурда эмчектери менен ымыркайларды тойгузса, азыр кинопродюсерлерди тойгузушат» Жан КОКТО Эшик суук болгондуктан бир аз жылына турайын деп кафеге кирип отура кеттим. Алгач байкаган деле эмесмин, жанымдагы эле столдо 3-4 келин отуруптур. Чынын айтканда алардын келин экенин деле билгеним жок. Баары эле чыкыйган кыздар. Азыр эми кыздан келинди айырмалаш кыйын болуп калбадыбы. Сүйлөшүп отурган кебинен гана билдим келин экенин. Ооба, күйөөлөрү, бала-чакасы, турмушу тууралуу кобурашып отурушту. Күткөн адамым жок, зеригип тургандыктан айла жок кулагыма өзүнөн-өзү кирип аткан сөздөрдү […]

Сынакка: Учурда эмне себептен энелер арасында өлүм саны көп?

№10 Баарына өмүр тартуулап, зор түйшүктү мойнуна алып чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, улуулукту, сулуулукту даңазалаган, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү аял заты. ..Учурда энелердин өлүмүнүн күн санап өсүп жатканы, өзгөчө Кыргызстанда мындай көрүнүш ондогон жылдардан бери алдынкы орунда экени өкүндүрөт. Энелердин өлүмү боюнча дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу Кыргызстанда көрсөткүч эң жогорку деңгээлде, Африка өлкөлөрүнөн кийинки орунда, башкача айтканда КМШда биринчи орунда. Демек, өлкөбүздө энелердин өлүмүнүн күн санап өсүүсүнүн себеби эмнеде? Кантип токтоотуга […]

Сынакка: Тарбия тамыры — аялзат

№9 Апам тууралуу «Ой эркетин алдынан кыя өтпө, үнүңдү өктөм чыгарып сүйлөбө, чачынды саксайтпай жыйна, атандын алдында акырын күл, кыз бала дене-бойду созуп, эркектин алдында керилбейт, ой ботом жылуу кийин эртең эне болосуң, таза , тыкан бол, сен бирөөнүн бүлөөсүсүң, ата-эненин абийрин кошо ала жүргөнүңдү унутпа». Эс тартканымдан бери апамдын айткан ушул сыяктуу сөздөрү күн сайын айтыла берип экинин жадыбалындай эстен чыккыс болуп калган. Демек, турмушта аялзатынын орду чоң экенин кичинемден элес сезип чоңойдум. Кыргыздын «Энесин көрүп кызын ал, эшигин […]

Сынакка: Жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуу себеби эмнеде?

№8 Жаш үй-бүлөлөр арасындагы ажырашуулардын эң башкы себеби эмнеде жана ажырашууларга канткенде жол берилбеш керек? Жарандык нике, кыз ала качуу, эрте нике түшүнүгү коомдо жосунсуз жорук катары сыпатталып, анын тийгизген кедергиси ашкере айыпталганы менен али күнчө ооздуктала элек. Тескерисинче, нике курагы жашарып, ала качуу жолу менен курулган үй-бүлөлөрдүн тагдыры ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун айынан коомдо аталуу наристе да атанын уулу же кызы деген статуска ээ болбой, социалдык жетимдердин көбөйүүсүн шарттоодо. Мурдагы кезде күйөөгө узап жаткан кыздын себин төөгө таңып, […]

Сынакка: Аял – Аалам

№7 Аялдын үй бүлөдөгү орду эбегейсиз. Ал үйүндө үй кызматчы, тукум улоочу, психолог, артист, педагог, адвокат, кыскасы көп жактуу. Ошонун баарысы боло алганда гана үйдүн кутун кармайт.  Ушунча  “кызматты”  катарлаш аткарып жатып сулуу,  назик, сылык болууга тийиш. Ооба, аялдын үй бүлөдөгү милдеттерин тизмелеп саноо баарынан оңой иш. Аны аткаруу өмүргө тете нерсе. Ооба, аялдын милдеттери  ушундай болчу. Бирок соңку жылдардагы коомдогу  кымгуут турмуш аларды жайына койбоду. Этек-жеңинен сүйрөп эшикке чыгарды.  Кыскартуулар, жумушсуздук,  акчанын куну качканы — сырткы тон болгон күйөөлөрдүн […]

Сынакка: Эркектер кызыл китепте корголуучу жан-жаныбар эмес

№6 Аялзаттын үйбүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен Аялзаттын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калууда? Айрыкча айтылуу ЫСЫСЫР кулап, кыргыз эли өз эгемендүүлүгүн алгандан нары карай айдатма болуп, ЫСЫСЫРдын айтканын лам дебей аткарганга көнүп калган элибиз бир топко айласын таба албай, айтылуу завод-фабрикалар талкаланып, жумушсуздук күч алып, эбин тапкан саналуу адамдар гана баюу жолуна түшүп, ал эми карапайым калк кыйналып-кысталып, жумушсуздук ар бир эркекти кыйгап өтпөй, үйдө отуруп калбадыбы. Мына ошондо элибиз базар мамилеси деген […]

Сынакка: Аялзатын кордоо – улут келечегине балта чабуу эмеспи?..

№5 Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен Аялзаттын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калууда? “Аял кабырга сыяктуу. Аны түздөөгө аракет кылсаң, сындырасың…”  Ислам дининин негиз салуучусу, адамзатка жакшылык үрөнүн сепкен Мухамед пайгамбардын учкул сөзгө айланып кеткен “Бейиш энелердин таманы астында” деген сөзүн ыгы келген да, келбеген да жерде кыстарып калмайыбыз бар. Пайгамбарыбыздын: «Мен эки алсыз жанды капарга албай коюуга уруксат бербейм. Алар — жетимдер жана аялдар» деген сөзүндө канчалаган терең маани жатат! Биздин коомдо […]