Сулайман Рысбаев: Манжалары жок чебер жазгыч

Аңгеме-жомок Илгери-илгери кооз жана сулуу жазуу боюнча атагы алыска кеткен Теңиз аттуу бир адам болуптур. Аны падыша алтын сарайына чакыртып алат да, сарайын кооздотот, мечиттерине, чайканаларына, түрдүү мунараларына кооз-кооз сүрөттөрдү тарттырат, сулуу жазууларды жаздырат. Падыша ал үчүн Теңизге көп маяна төлөп, өзүнөн алыс кетирбейт, башка бардык сүрөтчү жана жазгычтарды кызматтан бошотот. Теңиздин жазган ажайып жазуулары жана керемет сүрөттөрү менен падышанын да атагы алыска кетип, даңазасы артат. Мындай абал Теңизден башка сүрөтчүлөр менен жазгычтардын көчөдө жумушсуз калышуусуна алып келет. Алар бул […]