Кубанычбек АРКАБАЕВ: Упчу (шедевр)

АҢГЕМЕ

Тык, тык, тык…

— Ким бул?

— Мен Шайлоо болом.

— Шайлоо боло элек болсоң, каяктан болосуң?

— Зато мен болгондон кийин баары жакшы болот.

— Ыя де, тилиң абдан таттуу экен, айта түшсөң.

— Ооба. Куунатам, жыргатам, ырдатам, кыйратам, ыйлатам ой…

— Акыркы сөзүң ачуу чындыкка окшоп кетти го, чо то.

— Ооба. Мен болгондон кийин азыркы ит жашооңду эстеп алып ыйлайсың дегеним да бул.

— Ыя де. Азыр эмне жумуштап келдиң анан.

— Азыр мен болгуча эрмектеп турсун деп сизге бир кап кесме, бир узун тизме? Анан чоң упчу алып келдим.

— Андай болсо кир… Оо, кесмеңден тизмең узун го.

— Зато өллө чоюлча-ак да. Менин оозуман сенин кулагыңа чейин жөн эле жетет.

— Мейли, кесмеңди шашпай жейли. Кана тизмеңди окуп көрөлүчү.

  1. Барыболотооба
  2. Жыргатамооф
  3. Ништякээх
  4. Куунатамоох
  5. Бүтсонунов

— Оо памилелери укмуш экен, а мамилелери кандай болду экен, бул беш эркечиңдин?

— Хе, бешөө беш жакка баштаса дагы алардын айдаганы бирөө да.

— Аныңдын ышкырыгы таш жарат экен да анда.

— Жок, башкаруусу баш жарат!

— Укмуш экен, ишендим. А упчуну эмнеге алып келдиң?

— Мен бары жакшы болот дедим го.

— Кандайча бары жакшы болот?

— Мен болгондун эртеси муну сорсоң мындан баардык жакшы нерселер чыга баштайт.

— Ыя. Бул упчуңду сорсом эле бары чыга берет экен да ээ?!

— Ооба. Жогору жактан примое подключение.

— Нихрина себе! Упчу болбосоң коё кал!

— Так что эч кандай чёртко ишенбей биздин тушубузга чёрточко коюп кой.

— Хоп мейли.

— Жолуң ачылсын анда.

Тык, тык, тык…

— Ким?!

— Мен, Шайлоо аке… шайлоочуңмун.

— Эмне керек сага?

— Шайлоо аке, упчуңуз иштебеди го.

— Кайсы упчу?

— Шайлоонун алдында бердиңиз эле го. Прямое подключение депчи.

— Аа… Эмне, эч нерсе чыккан жокпу?

— Эч нерсе!

— Шилекей дагыбы?

— Шилекей чыкты.

— Анда эмне эч нерсе чыккан жок дейсиң?

— Шайлоо аке, шилекей эми өзүмдүкү да.

— Упчуну биз бербесек шилекей да чыкмак эмес!

— Шайлоо аке, сизди түшүнбөй калдым…

— Түшүндүрүш менин милдетим эмес азыр.

— Кандайча?

— Мен азыр эс алуудамын. Сен эмне мен беш жылда бир эле иштээримди билбейсиңби?

— Билем. Жок дегенде ошондо түшүндүрүп берерсиз?

— Англисче сүйлөп кетпесек… Кош бол.

Биздин саясатчылар чочко сыяктуу өздөрүнүн чыласына өздөрү оонагандар

Ыраматылык Алым Токтомушев 2010-жылдан кийинки Убактылуу өкмөт (УӨ) мүчөлөрүнүн бири, генпрокурор болуп турган Азимбек Бекназаровдун кылык-жоругун келиштире жазганы бар. Ал учурда журналисттер журту Бекназаров генпрокурорлукка келген күндөн бери коррупциянын тамыры отоо чөптөй тамыр жайышына Азикең өзү баш болуп жол ачып бергенин жамырап жазып чыгышкан. Бирок өлгөндүн үстүнө көмгөн иш кала берген.

Ошондо бир А.Токтомушевдин эсте каларлык макаласы жарыяланган эле. Бекназаров жөнүндө ал киши өз макаласында укмуштай бир кыстырма иле кеткени бар. Аны сөзмө сөз эстей албасам да, мааниси мамындай эле: «Бирөө торпогун жоготот. Табылбайт. Издеп суй жыгылышат. Акыры торпок бирөөнүн короосунан табылат. Чаң тополоң болушат. Милийсалар жетип келип, териштирүү башталат. Ошондо үйүнөн торпок табылып калган киши минтет дейт: «Мен талаада жаткан арканды таап алып, үйгө көтөрүп келе бердим эле, бирок аркандын бир учунда торпок бар экенин билген эмесмин…» Ошол сыңары экс-генпрокурор да «кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп» таштады деген апаздагы Алыкебиздин кыйгыл кеби эстен чыгып кетерде, аны Азыке кечээ өзү коомчулуктун эсине кайрадан салды…

Чын-чынында Бекназаровдун 2010-жылдагы жүрүм-туруму ошондой болуп калган. Анын кулк мүнөзү аркандын учундагы торпок аркылуу ачылып турса да УӨ буга көңүл бурбады эле. Бирок азыр деле аркандын учундагы торпокту табуу кеч эмес. Ошондо жоголгон «торпоктун» образы аркылуу 2010-жылдагы башаламандыктан пайдаланып, УӨ мүчөлөрүнүн кимиси кайсы мамлекеттик мүлккө ээлик кылууга үлгүргөнүн коомчулук өзү териштирип алаар кезең келди… Дегеле азыр коомчулук эсине келип, бир силкинип алууга тийиш! Кантип? Анын жолу өз колуңда, бурадар!

Күздөгү президенттик шайлоодо кимиси марага чыкса да «карга карганын көзүн чукубай» турган принцип барыбир сакталчудай түрү бар. Азыркы бийлик бул түрү менен эзели акыйкаттуу шайлоо өткөрөрүнө ишенип болбойт. Бирок ошондой болсо да элибиз бул мерте да күрөшчүл кайратына кайрадан келүүгө тийиш.

«Бүкүрдүн белин бир гана көр түзөйт» демекчи, бийлик тизгинин мыкчыган топтордон элибиз кол үзөр бир гана мүмкүнчүлүк – көздөгү шайлоо! Ал мүмкүнчүлүк ар кимибиздин эркибизден көзкаранды. Андыктан чочко сыяктуу өздөрүнүн чыласына өздөрү оонап келаткан эски саясатчылардан жүзүбүздү үйрүп, добушубузду жаңы жүздөргө салуу менен гана саясый элитаны алмаштыра алабыз…

Саясый этитанын канын алмаштырар күч – бир гана эл! Мурдагы бузук кандуу саясатчыларга жем болуудан көңүлүбүз калдыбы? Ойлонолу!

Олжобай ШАКИР

Олжобай ШАКИР: Жинди кыштак

АҢГЕМЕ

Карабостон, аңгидей

Болгону кенедей айыл. Союз убагындагы аты – Калинин, азыркысы – Акталаа. Кенедей айылдын үркүн мезгилдеги бир окуясы бар. Ошондо биздин айылда беттегенинен кайтпаган Жумабайдын (аны биздин айыл көкмээ Жумабай дейт) айтканын кыргызың укпай коюптур. Болбосо ошол кыргындан кыргыздын далайы аман-соо калмак экен. Жумабай элдин алдын тосуп: «Тескейдин тоосуна качкыла» десе уккан жан болбоптур. Айласы кеткен Жумабай өзүнүн үйбүлөсүн алып тескейди беттеп кеткенин көргөндөр «оюна келгенди кылган көкмээ» дешип, кытайга ашып кетишет. Кийин алардын көбү кайтып келбегенин эмдигиче кеп кылышат. А Жумабай биздин айылдын үстүндөгүле бир үңкүрдө жашырынып калып, үйбүлөсүн эчбир өлүм-житим, ачкачылык бетин көргөзбөй эсен-соо сактап калган экен.

Азыр ошол үңкүр Жумабайдын үңкүрү аталат. Анысы ал, кийин Октябрь революциясы жеңгенден кийин кыргыз турмушу кыштак кыштакка бөлүнүп отурукташа баштаган мезгилде баягы беттегенинен кайтпаган Жумабай колуна узун аркан көтөрүп, күнү-түнү «аркандын учун кармашып кой» деп урушпаган кишиси калбаптыр. Урушкан себеби, «бул жерге үйлөр курулат, мынабул жерде көчө болуш керек» десе, өмүрү жалгыз аяк жолдон башканы көрбөгөн кыргызың, Жумабайга «көкмээ» деген атты ошондо коюп алыптыр. Бирок кимдин көкмээ, кимдин көрөгөч экенин мезгил кийин көрсөтөт. Азыр Атбашынын кайсы айылына барба, теректери дүпүйүп, көчөлөрү эң ирээттүү жайгашкан кыштактын бири биздин кыштак. Бүгүн ошол кенедей айыл эки топко бөлүнүп жашайт. Кыштактын жогору жагы – аңгидейлердики, төмөн жагы – карабостондордуку. Аныгында бул эки топ уруунун аттары дешет. Бирок чын-төгүнүн эч кимиси так айталбайт. Аңгидей, карабостон экөө кайсы чоң уруудан тараганын билген кишини таппайсың. Билгендери: тээ илгертен эле ушундай бөлүнүп келген. Демек, бүгүн да бөлүнүп жашашы керек окшойт.

Бир айылдагы бул эки топко азыр ынтымак керек экенин баарыле айтат, түйүндүү маселеге келгендеби, тартышып гана турушат ко. А түгүл бири-биринин төбөсүн айра чаап, кырчылдашкандарын көрчү болсоң, ох-хоо… жанагы эрежесиз мушташка чыккандар карап эле отурмак. Керек болсо буура сандуу аларыңдын мыктысы да биздин айылдагылардын чоң муштумдарына кемер курун тарттырып иймек. Ушундай да болобу, бир-бирине койгон аттары укмуш. Карасаң: Чаркөпкөн, Төөжинди, Чуутай, Сопу, Дүмпөр, Тырык, Чолок, Тартаке, Көкмелтей, Чырмамбет, Будуң, Опон, Быпын, Мата, Шоңке, Тырайке, Чаар, Шамшы, Матес, Каакы, Сөпөн, Чымындай, Чиркей, Дадый, Майтөө, Шатан, Сөлпү, Чөкүш, Төөкөз, Козу, Жөжө, Чоңата, Танка, Апенди, Куукай, Шапай, Дулдук, Баканооз, деги койчу, мен атабай кеткендери канча. Себеби таарынып калчулары да бар дегендей… Алардын аттарын атап чыксам, кийин мени айылга киргизбей коюшабы… Дегеле бири-бирин азандагы атынан атагылары келбейт. Болбосо ушундай ысымдарды атаганга азан чакырган кишинин оозу барабы? Чынында биздин айылдагылар бирине-бири ат койгонго кыйын. Мурда-мурда огородуна пияз, чеснок өстүргөн кишини көрсө бирин-бири Мичурин деген үчүн дыйканчылык кылгандан да уялышчу, бирок азыр антишпей калды.

Агер карабостондогу бир эстүүсү аңгидейдеги же аңгидейдеги бир эстүү карабостондогу бирөөгө жакшылык кылып койдубу, бүттү, жүз карашпайт. Ошонүчүн бирине-бири жакшылык кылгандан чочулайт. Кээсинин балдары жинди чыкса, «балам буюрса чоң муштум болот» деп сүйүнгөнүн айт. Дароо андай баласын аңгидейи карабостонго же карабостону аңгидейге тукуруп чоңойтот. Анан эле ал немеси 1-класска баргандан баштап ким аңгидей, ким карабостон экенине карап өз муунунун атаманы болуп чыга келет. Мектеп босогосун аттаган балдар тез эле аңгидей менен карабостонго бөлүнгөнүн мугалим байкуштар тээ илгертен эле койдуралбай келет. Азыр да союз убагындагы клуб менен чоң дүкөн талкаланып калып жакшы болду. Болбосо клубга кино коюлуп же артисттер келди дегиче күнү кур эмес мушташ чыгарып турушчу. Себеби клуб аңгидейлердин көчөсүндө, чоң дүкөн карабостондордун көчөсүндө болгондуктан «сен эмне биз жакта төшүңдү жайып басасың!» деген шылтоо менен кырданып, кырчылдашып калышчу. Мушташ чыкчу жер көп учурда чоң дүкөндүн же клубдун арты болор эле. Анан мектептин тегереги. Анткени улуулардын мушташы жөнүндө кичинелер укса, намыстанбай коёбу. Ушул намыс дегенге келгендеби, чоңу да, кичинеси да жемин жедирбейт ко…Баса, бул айылды жакшы билген райононун чоңдорунун качантан берки бир баш оорусу болор эле. Ал – айыл башкармасын бекитүү. Кокус, аңгидейлиги же карабостону айыл өкмөтү болуп калса, душманга жеңилгендей чамынып чыгышат. Айыл өкмөтүн иштетпейт. Азыр эми айыл өкмөтүн шайлоого келгенде, сөзсүз сырттан келген бирөө бекип калгандын эртеси «аттиң ай, аттиң… өзүбүздө татыктуулар толуп атса, акмак элбиз» деп тебетейлерин бозала чаң жерге урат да, турат.

Шайлоо демекчи, намыс демекчи, айрыкча чоң шайлоонун мөртү келгенде моңолдор менен чериктин намысы ушундай бир козголот. Бирөө эле элдин атынан сүйлөй берет. Элге эң биринчи басып келген шайлоонун талапкерине: «Эл минтип атат, тигинтип атат»; «Элге баланча акча төлөсөң эле добушубузду сага салабыз»; «Өзүбүздүн уруунун кулуну экенсиң, элдин кебинен чыкпа»; «Сенин атаандашың үймө үй кыдырып, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык менен көчөмө-көчө элди ыраазы кылып кетти»; «Сенин атаандашың эбак эле элге берчүсүн берип койгон» деген кептер менен эч бир талапкердин буту басып келелек болсо деле алдынала дүрбөлөңдү баштап коёт. Болду. Шайлоонун аркасы менен эл атынан сүйлөп, элди ошол бийлей баштайт. Анан эле эл да, шайлоонун талапкери да ошонун айтканынан чыкпай, кайбардын жүзүнөн шайлоо бүтөр-бүткөнчө май тамып турат.

Бул кыштактагы бечара турмушта жашагандардын башына жамандык келбесин. Үрүп чыгар ити жок отурган үйбүлөлөрдөн бирөө-жарым өтүп кетчү болсо, намысты гана кеп кылгандарычы. Бир уруудан чыккан аксакал өңдүүлөр басып келип: «Намыс деген бар. Жылкы сойбосок, уруубуз менен уятка калабыз. Карызга болсо да жылкы соёлу» деп туураланат. Кыйын болсоң каршы сүйлөп көр. Жаагыңды жап кылышат. Өзүнүн кейпине карасаң, жыртык өтүгүнөн чулгоосу булайып чыгып жүрөт, а сүйлөгөн сөзү намыс. Алар үчүн кара мал союлбай калсале намыс. Бирок моюнга алыш керек, агер жамандыкта кара мал союлбаса, топурак салганга басып барбай тургандар бар экени чын. Мал союлары менен «Канча эли чыкты?»; «Өткөндө баландайдын балдары сойгон эки таман жылкыдан семиз бекен?»; «Жылкыны кайдан таап келишти?» сыяктуу суроолор туш-туштан жылжып чыгат. Чогулгандардын маркум жөнүндө сөзү мал союлары менен токтоду дей бер. Топ эркектердин сөзү ким келди, ким кетти, ким канча кошумча апкелди; катын-калачтардыкы баягыле жыртыш жөнүндөгү шыбыр-гүбүр. Ары жакта пейил жөнүндө сөз кылып аткан казандын башындагылар болсо маркумдун үйбүлөсүндөгүлөрдүн көзү мындай болору менен жилигин жилик, чучугун чучук бойдон ташып жөнөйт.

Айылдын жоруктарына башын чайкаган Эшмамбет, Ырыскелди, Асылбек, Мүсүраалы, Өмүраалы, Токторбой, Токтаалы, Кадыр аттуу аттуу-баштуу аксакалдары деле толтура. Бирок алар эл ынтымагын кеп кыла берип, качан эле тилдери тешилген. Жаман да көрүнүп бүтүштү. Болбосо керемет чалдар. Ошолордун көзү турган үчүн айыл ынтымагы ыдырабай турат. Маселен, баягы көчөдө жер сүзүп жаткан мастарды, багар-көгөрү жок бечаралардын малын уурдагандарды тартипке чакырган ошолор. Ошолордун айтканы менен биринин тың оокат кылганын экинчиси үйрөнүп, жамаатташмайга өтүптүр. Колунда бары колунда жокко берип же колунда бардын малын багып, ишин жасаганды айыл аксакалдары какылдап какшаган үчүн көчөдө колоктоп жүргөндөр азайгансып калыптыр. Масты көрсө «сен айылда бузуку болбой, ичсең бекинип ич» деп аксакалдар зекиген үчүн бөтөлкөнүн түбүн жалагандар корунуп калышкандай.

Мынча болду эми биздин жинди кыштактын бүгүнкү жаңы замандагы окуяларынан кыстырма. Сөздү адегенде Саку деген досумдун өтүнүчүнөн баштайын. Анын чын атын деле билбейм, качантан эле Саку болуп жүрөт. Жанымды койбой, качан болсо «достугубуз кайсы, мен жөнүндө гезитке бирдеңке чыгарсаң боло» дегени бар. Өзү мал багат. «Сенин эмнеңди жазмак элем» дейм. «Эмне кылсаң да мен жөнүндө бирдеңке жазып атымды чыгарсаң…» деп жанды кашайтат десең. «Сен сөз баккан кишисиң, мен мал багам. Бирок мал өлүп калат экен, сөз өлбөйт турбайбы» дегенинен, «жазам» деп убада кылып койгом. Эмесе ошол чын дилинен каарман болгусу келген Сакунун өзү жөнүндө эмес, айтып бергендери бар, кыпчый кетейин.

Айылда Каражинди деген бар. Кесүү кайтарганды жакшы көрөт дейт. Башкалардын кезүүсү келгенде «мен кайтарып берейин» деп чыгат экен. Ким эле керээлден-кечке мал артынан жүргүсү келсин. «Кайтарсаң кайтар» деп бир күндүн акысына 30 сом да беришет дейт. Бирок кеп 30сомдук акыда деле эмес экен. Кеп, Каражиндиң малды таалаага алпарып, кылбаганды кылат тура. Бир күнү токой жактагы жапсардан эчкинин бакырганын угуп, бастырып барбайбы. Мүмкүн сазга тыгылып же өйдөлөнүп калганбы дептир. Жок, жакындасале Каражинди эчкинин басып жатат. Эчкинин үнү болсо ай-талаага жаңырат…

Көргөн көзүмө ишенбей, келмем оозуман түшүп калган, ангыча арттан Каражинди бакырды дейт. «Саку, токто». Жакшыле укмаксанга салдым, бирок кайрылбаска болбоду. Карасам, Каражинди этек-жеңин кагып, ордунан туруп, мен жакка басты дейт. Мен да сыр билдирмексен болоюн дегичеле, «эчки тыбыттап аттым эле, ууру кылганымды көрүп калдың. Кел, эми ооз басырык кылайын», – дептир. Көрсө, көроокат үчүн элдин эчкисин тыбыттап сатат экен.

Биздин жинди кыштактын дагы бир кызык окуясы бар, аны да Саку айтып берген. Ал мындай: айылдын тескей жагында Ташкыя деген керемет көкжайык тоодон ылдый шар суу агат. Шар суу кыштакка кире берген жерден, сай болуп кетет. Сайда бир түндүктөй жалпак боз таш жатат. Бетинде кетмендин башындай ат туягы кирип кеткенсиген оюк бар. Эмне оюк экенин арким аркандай айтып жүрөт. А Саку болсо «Манастын Аккуласы ушул жерден өтүптүр», – деп уккамын дейт. «Бул деген Аккуланын туягы», – десе, Меке экөө (Саку экөөбүздүн досубуз, аты – Мелис), талаша кетип, бирин-бири кызыл-жаян болгончо сабаптыр. Саку досум:

– Атамдан уккам, бул жерден бир кезде Манас баатыр кытайлардын артынан кууганда Аккуланын туягы ушул ташка матып кетиптир.

Анда Меке чыгат:

– Так ошол атаңдын башы! Бул таш эмне, ал кезде пластилин бекен? Таш деген таш. Ал качан болсо таш. Ушуга кантип аттын туягы кирип кетсин? Кудайды карасаң боло! Манас эмне, кытайды ушул Ташкыяга кубалаппы? Кубаласа… тетиги Торугартты ашырып кубалагандыр да…

– Анан бул ташка Аккуладан башка кайсы аттын туягы матып кетти дейсиң!

– Манаска бул жакка бышырып коюппу? Эмнеге келмек эле?

– Андай болсо биздин айылдан алыс эмес жерде Кошой коргон эмнеге турат? Демек Манас Кошойго келиши мүмкүнбү?

Муну уккан Меке:

– Бул деген тарыхчылар тактай турган факты, – деп жиндейт.

– Фактыңды урайын! Факты деген ушул да, жакын жерде Кошой коргон турабы? Турат. Кошой Манаска акыл кошчу аксакалдардын бири болгону чынбы? Чын.

Кыскасы, бирине-бири таш жөнүндөгү уламышты далилдей албай талашкандан мушташа кетип, Мекени Саку, Сакуну Меке көгала койдой сабаптыр.

Саку мага ушуну айтып берип, «а тарыхчылар муну качан талашат? Же кийин менин балдарым менен Мекенин балдары «атам айттыле» деп биринин башын бири жара чапкандан кийинби?» – деп жүрөт.

2005-ж.

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Биринчи байлык – ажоолук!

САТИРА

– Урр-е-е! Талапкерлер такка чуркамай да күн келип жетти, эми кызык башталат!
– Кимди колдойбуз, ыя?
– Албетте, Атантөөйевди колдойбуз, анын ара-шансы жогору деп атышпайбы!
– Жок ай, ал болбойт ко. Андан көрө Оозуңаташиевди же Башыңатаажиевди колдойлу! Экөөнүн бирөө точну өтөт экен деген такталбаган маалымат бар! Эртең менен таңга маал кыгыбыдан сүйлөштү деп базардагылар бадыраң сатып отурушат.
– Аның апасный го, өткөндө Кыкынбынын эки баласын кармап алып, үйүнө киргизип, кыйнап аш жедирип, түгөтмөйүнчө кетпейсиңер деп курсакка ургулаптыр. Үч күн дегенде араң коё бериптир. Ошондон бери алар жалаң акрошка ичип калыптыр дейт!..
– Мен акрошка ичпейле, матрешка кошулган сорпо ичип атам, оозуңа карап сүйлө!..
– Талашыңарды токтоткула, дагы ким бар экен чуркай турган, эстегилечи?!
– Тиги… Ба-Киев да келип катышат экен деп атышат, чын бекен?
– Ал киши бамилесин өзгөртүптүр дейт… Ба-Минискей деп! Жаңы баспурт алсале келет экен дейт го.
– Аны кимдер колдойт экен?
– Минискей менен Бажарискей дегендер колдойт имиш…
– Анда Маскөө өзү колдойт турбайбы! Соёт ко баарын!..
– Ой, ал жөн эле утка сөз экен! Баласы менен иниси рагатка менен атыша кетип, Ба-Киевдин оң бутуна таш түшүп кетиптир дейт. Азыр госпиталда бөйрөгүн дарылатып атыптыр. Эки аялы эки жагынан ушалап, бутунан ташын, опей, бөйрөгүнөн ташын алалбай убара дейт…
– Ал вариант «дохлый» номур го анда, мына эмесе деп Феликий Кулупка добуш топтосокпу, ыя?! Орусча түш жоруйт экен. Өткөндө Бутин менен Медибеттин түшүн жоруп бериптир го. Бутин түш көрсө, кайсы бир өлкөнүн түндүк тарабы Ырасиянын түштүк тарабына кошулуп атыптыр дейт, бирок түштүк тарабы кайда кеткени белгисиз экен. Ал эми Медибеттин түшүн жоруса, кайсы бир өлкөнүн түштүк тарабы Ырасиянын түштүк тарабына кошулуп атыптыр. Бул кайсы өлкө деп сурашса, ал – Кейжистан деп түшүн жоруп жибериптир. Көрдүңөрбү, көзү ачыгын!..
– Бизге металлоломдун кереги барбы өзү?! Баарыле Кытайга кетчүдөй дат басып бүткөн эмелер го!.. Жаңыларын караштырбайлыбы?..
– Доктор Анфас дарыланып, пластилинский операция жасатыптыр го?! Аны кийинки шайлоодо караштыралык, ага чейин пластилини катып калар…
– Мотуйупту колдосок кантет, беш маал намастын күчү менен бийликти алып коёбуз давай?!
– Мат-Дума-ров деле беш маал марал окуйт экен. Жөн жатпай, Маскөөдө депутаттар менен дойбу ойноп жүрү деген каңырыш сөз бар. Ошол тарапка оосок кантет?
– Аның даана да, колун шымына салып алып эле бир нерсе издей берет экен… Азыр көрсөтөм деп!
– Балким, дойбунун шарын жоготуп жиберип, издеп аткандыр?!
– Дагы, дагы ойлонгула! Кандай талапкерлер бар, эстегиле!
– Калганын абеттен кийин сүйлөшпөйлүбү?
– Эмне болду?
– Курсак курулдап атат, угулуп атабы?
Угулуп атат: «Кетсин! Кетсин!..» – деп кыйкырып жатат окшойт, кеттик «Дасмияга», калганын акрошка ичип келип сүйлөшөлү…
Бул дүйнөдө Ак үйгө бир келген конокмун
Албетте, Ак үйгө сразым эле түшүп калган жокмун. Далай жерден чалынып, баткакка белчеден малынып жүрүп жеткенбиз Акүшкө. Азыр эми этегинен кармап, карыш коё бербей убайын көрүп атам. Бир жаман жери, Акүшкө ашык болгондор оголе көп. Сак болбосоң, илибою желкеңден алып, жетинчи кабаттан алыс ыргытат. Бая, Акаев качканда бир ыргытышкан. 24-марттын баткагына аралашып калганым бир билем. Бакиев безип кеткен апрелде да бозала чаң болуп, боортоктоп сойлоп араң кутулуп кеткем. Болбойле Акишке кайра жармаштым. Ак үйгө кирип көнүп алган кишиге кыйын эле болот экен. Мен деле илгери эл катары жүргөндө бөлөкчө болчумун. Эртең менен жумушка, кечинде үйгө дегендей оокат өтүп атчу. Кийинчерээк ал жерге жумуштап бир кирип калып, ошо бойдон кайра кеталбай калдым. Ошол жерде төрөлгөндөй болдум да калдым.
Ак үйгө кирген сопсонун эле жаркыраган жигиттер кайра чыкканда бетине көө сыйпап алгансып, тескери карап калышат экен деп бир байке айткандай, мен да азыр ошондой абалда жүрөм го деп ойлоп коём. Эски достор каякта калды билбейм, катташпайбыз. Ак үй жыттанган жаңы тааныштар кайдан-жайдан пайда болду. Сасык экен деп баягы майга жетпей кетип калган мышыктан айырмаланып, илинген колбаса көрсөк эле жаланып-жуктанып, шыпырып кеткенге машпыз. Кантип илип кетишти Ак үй үйрөттү. Ал жерге кирип иштеп калганы боюм дагы кадимкидей өсүп, илинип турган колбаса, чучуктарды оңой эле жулуп кетчү болдум.
Азыр Ак үйдө мен жетпеген саналуу эле кабинет, бөлмөлөр бар. Ал жерде иштегендер мени чоң абройлуу киши катары көрүшөт. Себеп дегенде бул деңгээлге жетиш үчүн мен далай «итти» жегемин. Ит жейт экен, бул карейс го деп ойлобогула. Мен карейс эмес, карьеристмин! Азыр Ак үйгө келген мадырабаштарга опутумду үйрөтүп, тажрыйбамды бөлүшүп атам. Сен келсең сени менен да бөлүшөм. Жымот эмесмин. Анан сен акчалуу болгондо мени менен бөлүшөсүң, сүйлөштүкпү?

Азиз НЕСИН: Кайсы партия жеңет?

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

АҢГЕМЕ

— Мурат Ага бардык нерсени билет, — дешти.

Шаарчага келгенимде бир канча күн Мурат Аганын үйүндө конок болгон элем. Бул жолу Мурат Агага чайканадан жолуктум.

— Мурат Ага, сен билет экенсиң, — ушундай дешти. — Айтынызчы, шайлоодо кайсы партия жеңип чыгат?

Мурат Ага:

— Алдын ала айтуу кыйын, — деди.

— Кайсы партия күчтүү болсо, ошонусу жеңе албайбы?

— Жок. Андай эмес. Ак кой, кара кой шайлоодон кийин билинет. Бул шаарчадагылардын ар бирөөнөн сурап чыксаң да билишпейт. Эмнеге билесиңби? Угуп тур.

Сол бутун баса мандаш токунуп, жыгач керебетке отурду. Оңдонуп-түздөнүп алгандан кийин чылымын күйгүзүп, түшүндүрүп баштады:

— Алгач биздин өлкөдө партия-мартия дегени жок болчу. Бар болчу, бирок аты гана бар заты жок, эч кимдин партия менен деле иши жок эле. Ошол убактарда биз партияны өкүмөт деп ойлочубуз. Заңгыраган имарат, өкүмөт имараты, ичинде партия бар дешчү. Деп жүргөнүбүздө партия дегени жарк этип жалындап чыга келди. Терзи Камил бир күнү мага келди. “Мурат Ага, экөөбүз жаңы пайда болгон партиянын филиалын бул жакка ачалы”, — дейт. “Кой Камил, сенин партия дегениң темир-тезек саткан дүкөн эмес. Өз ишиң менен эле алектенчи…” — дедим.

Аркасынан адвокат Рыза мырза да келди. Бир партия түзөлү дейт. Рыза жаңы партиячылардын төбөлдөрү менен сүйлөшүптүр. Ал гана эмес кат алышып турат экен. “Бул аймактагылар сенин сөзүңдү угат. Кел, бир партия түзөлү”, — деп туруп алышты. “Бир убакта ушул жерде Селбес саясый партиясы түптөлгөн. Ошол партияны түзгөндөрдүн азабын колуна берип, коломтосунун күлүн көккө сапырышты. Эч бири өлкөсүнө батпай, качып жоголушту”, — дедим. Адвокат Рыза мырза: “Ээ кокуй, Мурат Ага, азыр кайсы заман… Ал убак небак өтүп кеткен. Азыркы заманда Америкада кандай болсо, бизде да ушундай болууга тийиш. Бардык адамдар кайсыл бир партияга кирүүгө мыйзам тарабынан мажбурланган”, — деди.

Токтолбостон партияны түздүк. Биз партияны түзөрүбүз менен башка партиялардын мүчөлөрү бизге агыла баштабаспы. Партиянын каттоочусу каттаганга жетише албай калды. Ээ кокуй күн, мынча адамды эмне кылабыз? Коркконумду айтпа, денемди калтырак басты. Адвокат Рыза мырза биздин жетекчибиз эле, ага: “Рыза мырза каттоону токтотолу, башыбызга балээ болот булар”, — дедим. “Эч нерсе болбойт”, — деди кам санабай. “Канчалык адамды көп топтосок, өкүмөттү биз алабыз”, — дебеспи.

Башка партиядан ооп келгендер аздык кылгансып, партия эмне экенин билбегендер да бизге кошулду. Кудай колдой гөр… Келгени эле кирип жатты. Бүтүндөй өлкө биздин партияга өтүп кетти окшойт. Жогору жактагылардын кулагы чалып калса, эчки тарагандай тыбыттамак. Эч болбосо мен ушул партиядан чыгып, башка партияга мүчө болоюн деп ойлодум. Ачып оозду жыйгыча эле борбордон бизге куттуктоо келди. Рыза мырза куттуктоону окуп жатканда тим эле кол чабуудан базардын аймагы ызы-чуудан кулак тунуп калды.

Анан эле партия лидери келет экен деген шыбыр тарады. Жетиден жетимиш жашка чейинкилер жол жээктеп, алдынан тосуп чыктык. Биздин бул кылыгыбызды жогорудан көргөндөр болсо сүрүп чыгып, шаарчаны жер менен жексен кылмак. Рыза мырзаны эл алдында мыкты сүйлөйт деп жүрчүбүз. Мына эми лидердин сүйлөгөнүн угуп ал. Алгач элди буркуратып ыйлата баштады. Анан эле кайра күлкүдөн кыйрап калат. Элдин жалпы жонунан башкаруу баскычын колуна алып алгандай. Ылдый толгосо боздомой, өйдө толгосо күлмөй.

Сүйлөп бүткөндөн кийин дароо партиянын штабына келди. Рыза мырзага:

— Шаарчадагы калктын саны канча? — деп сурады.

Рыза мырза:

— Жыйырма төрт миң, — деди.

— Шайлого катышпай турчуларды, тактап айтканда добуш бере албагандарды кошпогондо, — деди.

— Аларды эсепке албаганда, шайлоочулар болжол менен он эки миң.

— Биздин партияга катталгандардын саны канча?

— Тогуз миң…

— Андай болсо, бул шаарчадагы шайлоону биз утабыз, — деп кыйкырып жиберди.

Партия лидери кетти. Берки партияларды коркунуч каптагандай. Дароо берки партиянын лидери биздин шаарчада булуттан чыккан айга окшоп пайда болду. Ал келгиче эле партиядан чыгып, анын партиясына кирейин деп жаткам. Бул жолу ал дагы керемет сүйлөдү. Сүйлөө деп ушуну айт. Мечитте мевлит окулса дагы калк мынтип ыйлабас эле. Сөзүнүн соңунда:

— Мекендештер, — деди, — биз жеңип чыксак, ар бир үй-бүлөгө банктар аркылуу миң лирадан карыз беребиз.

Пай-пай, банктан карыз алаарын уккандар тигил партиянын эшигине чуркады. Эртеси күнү биздин адвокат Рыза мырза башын тизесине жөлөп алып озондоп отурат.

— Эмне болду Рыза мырза, ууру тишиң ооруп атабы? – дедим.

— Тиштерим кеп тиш, оорубайт. Андан да жаманы — биздин партия мүчөлөрү тигил жээкке өтө качышты.

— Бизде эч ким калган жокпу?

— Түптөөчүлөр менен банктан карыз алаарын укпагандар эле калды.

— Рыза мырза минтип отурууга болбойт. Кана тур, биз дагы тигил партияга кошулалы. Кечигип калсак, дептер толуп калды деп жазбай койбосун.

— Токтой тур, борборго телефон чалдым, күтөлү кандай жооп келерин…

Мына сага дей бер, шаарчада соода-сатык күчөдү, мындайды ким көрүптүр. Эл акчасын чачып жатат.

— Ээ кокуй, бул эмне деген жосун, акча көчөдө жатабы? — дедим.

— Банктан миң лира алабыз, — деп коюшат.

Сууну көрбөй багалекти түрбөйсүң го? Биз түрдүк. Рыза мырза башын койгулап:

— Олдо кокуй гүн, шайлоону уттурдук, — деп сыздаганда, тоо-таш кошо боздоп жатты.

Кокустан эле биздин партия лидери жетип келди. Машинасынан түшүп, бутунун чаңы менен үстүнө чыкты. Оо, жараткан. Сөз деген шумдук экен. Оозун ачат — эл күлөт, оозун жабат — эл ыйлайт. Эң акырында:

— Мекендештер, — деди, — бул жакка менден мурун бирөө келиптир, банктан миң лира берем деп силерди алдаган экен. Биз жеңип чыксак, ар бир үй-бүлөгө эки миң гаймеден карыз беребиз.

Каап ата, ошол жерде болуп, өз көзүң менен көргөнүңдө. Биздин партиянын тогуз миң мүчөсү бар эмес беле. Сегиз миң жети жүзү тигил жакка өтө качкан. Эки миң лираны уккан эл кайрадан бизге агылды. Бул жолу тогуз миң эмес он бир миң болдук. Адвокат Рыза:

— Бул ирээт шайлоону таза жеңебиз, — деди.

Бир гана Рыза эмес баарыбыз ошентип ойлодук.

Шаарчада кайрадан иш кызуусуна кирди.

— Ээ кокуй, эмне болуп атат? — деп таң калдым

— Тиги партиянын берген акчасы түгөндү, силердин партия берген эки миң лираны жеп жатабыз, — деп коюшат.

Биздеги айылдыктардын жасаган ишине акылың деле жетпейт. Көрсө, колуна тийе элек акчаны колдонуп жиберип, жаңы бериле турчу акчаны колдоно башташыптыр.

Бул жолу тигил партия жетекчилерине кайрадан жан кирди. Лидери келди.

— Эки миң лира беребиз, — деп силерди алдаган экен.

Биздин партиядан бирөө:

— Алдаган жок, — деди, — кантип алдашмак эле. Биз бериле турчу акчаны сарптап салдык…

Лидер:

— Макул, алдаган жок деп эсептей бергиле, — деди, — тигил партия ар бир үй-бүлөгө эки миң берсе, биз ар бир кишиге эки миңден беребиз. Айта турчу башка сөзүңөр барбы?

Калган сөзүн уккан киши деле болгон жок. Тигил партия штабына кайрадан чуркап кетишти. Биздики аңгырай түштү. Рыза мырза:

— Эми канттик, утулдук, — деп отуруп калды.

Мен бул жолу партиядан чыгам деген чечимге токтолгон элем. Тигил партиянын сунушун уккан атам дагы үй-бүлө мүчөлөрүн көбөйтүү иши менен алектене баштады. Никеге каттоо менен нике кыйгандардын иши мойнунан ашты.

— Дагы эмне болот, — деп күтүп калдым.

— Өлкөгө намыстуу уулдар керек, — дешти

Оо кудай, жүрүп жүрүп эми керек болуп калдыбы. Биздин партиянын лидери келди. Келгенде да маалында. Болбосо биздин партиядан эч кимди таппай калмак.

— Мекендештер, деди, — тигил партия эки миң берем деп алдады. Биздин партия эки миңди дагы берет, андан сырткары пайыздын көлөмүн алып салат.

Уккандар биздин партияга “гүр” деди. Рыза мырза жеңебиз деп шапкасын көккө ыргытып чуркап жүрөт.

— Рыза мырза тигил партия лидер кайра келсе күйдүк дей бер… Кайрадан кете беришет ошол жакка.

Айткандай эле болду. Тигил партиянын лидери келди.

— Мекендештер, — деди, — банктар пайыздык үстөгүн албайт деген кеп бекен. Биз керек болсо бардык карызыңардан кечебиз. Банкка карызы бар адам калбайт.

Коомчулук кайрадан удургуду. Ырдаган-чоорлогон адамдар.

— Эмне кылабыз, Рыза мырза?

— Күйдүк, күл болдук, Мурат Ага, — деди, — жылаан сыйпагандай партияда эч ким жок, баары тигил жакка өтүп кетти.

— Биз дагы өтөлү.

— Токтой туруңуз, борборго кат жөнөттүм. Банктагы карыздан куткаруудан башка эмне амалы бар болду экен.

Шайлоого жакындап калганынан улам, бүгүн же эртең үгүттөө иштери токтойт. Бүтүндөй банктын акчасын таратсаң дагы жетпейт. Кечигип калдык окшойт. Биздин парияда жүз киши жок, тигил партиянын тизмеси он сегиз миң болуптур.

— Рыза мырза, биздин шаарчада мынча шайлоочу жок, кайдан келди бул көпчүлүк, — дедим.

— Банктагы карызынан куткарам дегенде, партияга бир киши эки киши болуп жазылып атат, — деди.

— Бизде чыныгы шайлоочунун саны канча?

— Он эки миң..

— Бул жагын кудайга койдук, Рыза мырза. Бул партия иши. Таарынуу деген болбойт. Мен тигил партияга өтөм.

Мен дагы тигил партияга катталдым.

Мурат Ага үчүнчү кофесин жаңыртты. Кайрадан буттарын алмаштырып мандаш токунду. Менден сурап калды:

— Кана эми айтчы… Бирөөндө он сегиз миң шайлоочу бар, бирөөндө миң киши да жок. Кайсынысы жеңип чыгат?

— Албетте, он сегиз миң шайлоочусу бары.

— Тапкан жоксуң. Шайлоону биздин партия жеңди, мен чыгып кеткен. Мен дагы жаңы партиямды эмес, ошол эски партиямды шайладым. Биздин ишти эч ким болжолдой албайт. Бирөө келет, эки миң берем деп, дагы бирөө келет үч миң деп. Шайлоо болгондо ар ким өзү билген намазын окуйт.

— Эмнеге мындай болот?..

— Эки миң берем деп бирөө келет, анын акчасы бекерге кетмек беле. Баары ошол жакка оойт. Акчасы барыбир колго тийбейт да. Шайлоого келгенде каалаганын тандап алышат. Ошондуктан алдын ала айтуу кыйын. Жакабыска жабышып, кимди шайлайсың десең, сени дей беребиз. Ишенбе… Кайсы чокоюн кийерин эшикке чыгарда гана тандашат. Уулум, дагы бир чыны кофе ичесиңби?