Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (2-макала)

1-макала >>>>> “Республика-Ата Журт” фракциясы депутаттарынын саны боюнча парламентте КСДПдан кийинки орунду, 120 орундун 28ин ээлеп отурушат. Демек, оңой эмес добушка, оңой эмес күчкө ээ. Иш жүзүндө парламенттин аткаруу бийлигинин иш-аракетин көзөмөлдөө милдетинде фракциянын жарытылуу, көзгө көрүнөр иши байкалбады. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө айтылган «Лидерине жараша фракциясы» деген сөзүбүз бул фракцияга тийиштүү болобу? Талдап көрөлү. «Республика-Ата Журт» дегенде, саясаттан кеткендиги тууралуу өзү атайын билдирүү кылса дагы, көз алдыга порумдуу да, көзгө толумдуу да Өмүрбек Бабановдун бейнеси тартылат. Биринчи себебине токтолуп көрөлү, […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу (1-макала)

Жөжөнү күздө санашат. Жаңыдан жумурткадан чыккан кезинде жөжөнүн санына сүйүнүү – акылсыздык. Чыйпылдаган жөжөлөрдүн кийин канчасы тоок болуп жумурткага карк кылса, а канчасы акыбетиңди актайт, белгисиз. 2015-жылы Парламентке шайлоо убагындагы «чыйпылдашкан жөжөлөрдү» эсиңе салгым келди, шайлоочу. Чыйпылдашкан жөжө десем эп келишпес, куркулдаган кузгундар же каркылдаган каргалар дегенде куп жарашмак беле? ))) Аша чаап кетпейли, арасында ак куулар да, алгыр куштар да бар. Алар тууралуу сөзсүз сөз кылабыз, эмесе, ии деп тур. Мамлекеттин эки тизгин бир чылбыры – Башмыйзамдын сакталышынын кепилдиги болгон […]