Няня-Хубун

Бурят жомогу Бир жетим бала болуптур. Анда ата да, эне да, бир тууган да жок экен. Мындайды томолой же тоголок жетим дешет. Ал жерге жүргөндөн тартып билген-көргөнү кой болуптур. Бир күн да тыным билбей байдын койлорун кайтарчу экен. Кой ээси ага: — Менин бир да коюм жоголбосун! Эгер бирөө эле жоголсо, жаныңдан үмүтүңдү үзө бер!- деп тынымсыз кулагына куюп турчу. Күн ачыкта койлор жуушап, анча дале кыйнабайт. Алай-дүлөй болсо эле кой жаныбарды көрүп ал, же баспайт, же оттобойт, туш тарапка […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Бейиш тоо

АҢГЕМЕ Кемпир сопсоо жүрүп, эмнеден кеселдегенин билбей калды. Табышмак. Ал буга чейин мынчалык ооруп көрбөгөн. Жаны жер тартып, башы айланып, тамакка табити жок, өзүн кыйнап ичкен тамагын сиңире албай, көзү чарасына кирип чүңүрөйүп, бетине бырыштыр толуп кетти. Жашы сексенден ашып, оозунда тиши калган эмес, карыганда эти качып, билек сөөктөрү жооноюп кеткендей сезилет. Ал өзүнүн чын жашын жашырып, дайым кем айтат. Мурда антчү эмес, жашы улгайган сайын санагы артка жылып, он, он беш жашка жашарып алат. Кемпирдин корккону кесел болучу, ал […]

Торко-чачак

Алтай жомогу Бир кыз жашаптыр, аны Жибек чачы – Торко-чачак деп аташчу. Көздөрү карагаттай, каштары – иймейип күн желесиндей. Чачтарына таккан үлүл кабыгы жалтырап, топусунда жибек чачысы бар эле, анысы апаппак, тим эле ай жарыгындай ажайып. Бир жолу кыздын атасы ооруп калды. Ошондо апасы кызына айтат: — Ак боз атыңды токуп мин да кызым, ушул дайранын тээ төмөн айылындагы Телдекбай каманы* чакырып кел, атам ооруп атат, көрүп бериңиз де! Кыз маңдайында кашкасы бар ак боз атты минди, сол колуна чылбырды […]