Олжобай Шакир: Кумар

АҢГЕМЕ  I Карагер кунандын үстүнөн эңилип, чырак шамдай тикчийген жалбыракка кол сунду эле – ооп барып түзөлдү. Жалбыракка колу жетпеди. Күү менен айланып келип, кайра эңилди. Дагы болгон жок. Мына, мына, мына жетеринде – ай-ата-а, кеп ээр-токумда экен… Ат жалынан өбөктөгөн боз улан тизгинди кайра имереринде басмайыл бош өңдөндү. – Дырр, – каны кызып калган Карагердин тизгинин какты. Көрпөчөнү сыйрып ыргытып, басмайылды эрөөлгө чыкчудан бетер бекем тартты да, атына ыргып минди. – Чү! – Карагери ордунан атырылып жөнөдү. Руслан азыр […]