Өскөн Даникеев: Добул өтүп кетти

АҢГЕМЕ — Ырыскул, эми мен үйгө кетейин. Мал, короо-жай эмне болду. Чал каягына жетсин. Жүдөп жаткандыр. Кудаанын дегени экен, эми эс-акылыңды жыйып, оокат-тиричилигиңе кара, — деп Гүлсайра жоолугунун бир учун ийнине арта ыргытып койду. Жапкактанган көгүлтүр көздөрү бетмаңдайында отурган Ырыскулга «Ата байкуш ай күйөт имиш» дегендей жекире карайт. Ырыскул лам дебеди. Көз кыйыгын төрдөгү эч нерседен капарсыз, эриндерин бүлтүйтүп, таттуу уйкуда жаткан перзенти — Айгүлгө жиберет. Ан сайын ичи тызылдап, заманасы куурулат. Анан кантсин, тигинин «кетемин» дегенинде далай сыр жатпайбы. […]

Өскөн ДАНИКЕЕВ: Алгачкы төрага

Оболку окуялар, ошол окуя, өнөгөлүү өзгөрүштөрдүн күбөлөрү болгон адамдар улам убакыт өткөн сайын унутула баштайт тура. Эмне үчүн? Эми ал айтпаса да белгилүү да. Турмуш… Мына, башканы коюп, Улуу Октябрдан кийинки жергебизде болгон өзгөрүүлөр, аларды жүзөгө ашырган атуулдарыбыз туурасында маалыматыбыз канча? Билбейбиз. Бүгүн ал аста-аста өз ыраатына келе баштагандай. Оозеки айтымдар туруптур деңизчи, а басма сөздө канча ой, канча пикирлер басылып чыкпады. Талаш жок, басымдуу көпчүлүгү айгине. А кайсы бири жоромол, каңшаар калыбындагы айыңдар. Мен алардын бирөөнө гана токтолоюн. Бу […]