Мидин Алыбаев: Түшкү эс алууда

АҢГЕМЕ Көптөн бери тынбай аракеттенип жатканга, булут арасынан тийген күндүн илеби кошул-ташыл болуп талыкшытып жиберди көрүнөт, Жамал орогун жакын турган тестенин үстүнө таштап, башындагы бир байлам жоолугун алды дагы бир жак учу менен терин шыпырды. Орокчулар жаңыдан түшкү дем алышка чыга башташкан. Жамал эки жагын карап орулган жерлеринде ала калбады бекен деген ой менен катарлашып жаткан тестелерге да көзүн түшүрүп, алды жагындагы жайкалган эгиндин арасынан бир аркан бою жерде чыгып турган дөңсөөчөнү көрдү дагы «ошого чейин оруп барып анан дем […]

Мар БАЙЖИЕВ: Ууру катын

АҢГЕМЕ -О-о! О-у-у! Кармагыла! Кармагыла, тигини! Кармагыла! — деп кимдир бирөө ак калпагын булгалап, айдоо менен сербектеп чаап келе жатты. Анын кашкайган башы күнгө жаркырайт. Картошка отоп жүргөн окуучулар үрккөн улактардай селдейип туруп калышты. — Агай, кимди кармайбыз? — деди кыз. — Ырас эле, бул ким өзү? — Мугалим агай таңыркап далысын куушуруп койду. Балдар биринин сөзүн бири бөлүп кужулдашты. Бир тобу, чаап келе жаткан көк башы Таштан аба, анткени үстүндөгү жашыл чапан экен дешсе, башкалары жок, бул Бөкөн чоң […]