Шайырбек Эркин: Кара байрак

АҢГЕМЕ Зеби туш тарапка алоолонто от жагып,  оттон отко секирип жүргөн кара кийимчендердин арасынан уулу Алини жазбай тааныды. Капкара кийинип, бети-башынан бери кара матага чулгап алгандардын көздөрү гана жылтырайт. Жакшылык менен мээрдин кыпындай жышааны жок, заар чачкан көздөр. Ушул тегеректи эле эмес, керек болсо бүтүндөй дүйнөнү ушинтип отко ороп, өрттөп ийгиси келген көздөр. Эне от менен ойноп жаткан адам сымалдардан уулун бөлүп алгысы келди. Уулун баёо бала кезиндегидей кучагына кыса эркелеткиси, коюу кара чачтарынан сылагысы келди. Анан ошол алоолоно күйүп […]

Мар БАЙЖИЕВ: Жайсаң-эне жана өлүмдөн сактаган Андрей

АҢГЕМЕ — Кара жылаан көрсөң өлтүр–  деди Жайсаң-эне. Мен муну кезектеги насаат катары кабыл алып, эки көзү алма, өрүк какка толтурулган куржунду, куураган дарактай картаң кемпирди араң көтөрүп бараткан арык аттын түлөгөн куйругун кармап келе бердим. Согуш башталганда колхоздун аттарын фронтко алып кеткен, айылда картаң чобур менен майда-чүйдө кулун-кунандар гана калган. — Өлтурсөң буга салгын–  деп Жайсаң-эне оозу гезиттен оролгон тыгым менен кептелген бир литрлик кара бөтөлкөнү берди. — Ичиндеги эмне? — дедим. — Кашкулактын майы–  деди кемпир.- Сендей балдар […]

Владимир ВЫСОЦКИЙ: Шахмат оюну

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 2-байгеликти жеңген Эрнис Асек уулу кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… АҢГЕМЕ Эгерде сага шахмат ойногонду сунуш кылышса, эч качан: “билбейм” деп айта көрбө. Андан көрө: “Билем, бирок көңүл чаппай турат” деп койгонуң оң. Бул алтын эрежени эми мен жакшы билем. Бирок баягыда!.. Мен паркта гезит окуп, тынч олтурсам, бейтааныш киши жаныма басып келди. Көзүндө ушундай бир куса бар экен дейсиң, а колтугунда – шахмат тактайы. — Ойнойлубу? – өтүмсүз суроо узатты; менин баш тартаарымды билип тургансыйт тимеле. — […]

Амирхан ЕНИКИ: Наристе

Татарчадан которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Татар элинин таланттуу жазуучусу жана публицист Амирхан Еники (чыныгы аты-жөнү Амирхан Нигметзянович Еникеев) 1909-жылы 2-мартта азыркы Башкыртстандагы Жогорку Каргалы айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин “Саз чәчәге” (Саздагы гүл, 1955), “Рәшә” (Туман, 1962), “Вөҗдан” (Ынсап, 1968), “Гөләндәм туташ хатирәсе” («Гөландам туташты эскерүү», 1975) жана автобиографиялык «Соңгы китап» («Соңку китеп», 1981-82) повестерин жазган. 2000-жылы 16-февралда 90 жаш курагында Казанда көз жумган. АҢГЕМЕ Лейтенант Ивановдун ротасы токой бойлоп, өтө сактык менен алдын ала белгиленген аймакты көздөй жылып […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Энеке

АҢГЕМЕ Анда башка жерде эмгектенчүмүн. Жетекчим алыскы бир районго он эки күнгө жөнөттү. Ортодо эс алуучу үч күндү кошуп эсептегенде он беш күн, жарым ай болуп калат. Колума эки таңылчак карматты. Ичиндеги баракчаларда бакыйган бир кишинин сүрөтү жана өмүр баяны, эң аягында депутат болсом тигинтем-минтем деген убадалары жазылган. Ал баракчаларды он эки күндүн ичинде район борборундагы ар бир үйгө кирип таратышым керек. Таратып эле койбой, келечектеги депутат болчу кишини мактап-жактап шашылбай, эрикпей баарын түшүндүрүшүм керек экен. Район жактагылар менен алдын […]