Мукай ЭЛЕБАЕВ: Алыскы тоодон

АҢГЕМЕ Чыгышты карай төш этектей кеткен узун бөксө менен салып уруп эки атчан келет. Дүнүйө астын-үстүн түшкөндөй алакайыр. Кээде жел ышкырып келип урганда аттардын башы бурула түшүп, туягын тартып алар замат издери көмүлүп турду. Барар жер — ушул өзөндүн кылды башында күнчүлүктөн аркайып бөлүнүп турчу карагайлуу бийик аскар алдында, бир чети кыштак эле. Күндөгүдөй эмес, жаңкы тоо бүгүн көрүнбөйт. Жолоочунун бири — үч жыл удаа сельсоветтин председатели болуп келаткан, суюк сакал, чап жаак, чыйрак киши. Экинчиси — обкомдун секретары Курман […]