Армян эл жомогу: Кудай, сен мени түшүнбөпсүң

Жонундагы жүгү оор дыйкан тоо жакты беттеп баратып наалыган экен: – Жүгүмдү жеңилдетсең боло, Кудай. Же бир жанымды алып тынып, ушул азаптан куткарсаң боло. Ошол учурда эшеги жолдон өлүп калган соодагер, өлгөн эшегинин ээрин дыйканды мажбурлап көтөртүп коёт. Дыйкандын да аргасы болбойт көтөрбөскө. – Кудай-ай, жүгүм оор экенин сага түшүндүрө алган эмес экемин; а мүмкүн мени түшүнбөй калдың бекен, – дептир дыйкан.  Ууру Байдын үйүнө ууру кирет. Кожоюн үйүндөгү ууруну көрөр замат аны таяктап, кармайын дейт. Бирок ууру мурдарак озунуп, […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Акын

АҢГЕМЕ Белгилүү бир акын базарды аралап келе жаткан. Үйүнө картошка, пияз алмакчы эле. Аялы эртең менен какшаган: “Ыр жазгандан башка дагы тамак деген болот” деп какшыктаган. Аялы бошобой калып, суранганда гана базарга басып келбесе, деги эле келбейт. Күнүмдүк көр тиричиликтин бүт түйшүгү аялынын мойнунда. Пиязын алды, анан картошка саткан катарды аралап келатып селдейип туруп калды. Маңдайындагы картошка сатып отурган аял да муну тааныды. Ортодогу көрүшпөгөн жыйырма беш жылдык мезгилде экөө тең өзгөрүшкөн. Бирок бири-бирин таанышты. Аял биринчи сүйлөдү, кечээ эле […]

Эс эңгиреткен чөп

Итальян жомогу Караңгы кирип, жолдо сандалган соодагер жакын жердеги айылдын тратториясына[1] бурулат. Соодагер товар ташыган сандыгын бурчка коюп, кожейкесине тамак ырастоону буюрат. Кожейке чочконун майына жумуртканы куурумак болуп кухняга жөнөйт. Очокко от тамызат. Ой-санаасы удургуйт: «Мунун сандыгынын ичинде не балээ бар?» Жумурткалар чырылдап куурулуп атат, куураган кожейке болсо өзүнчө күбүрөнөт: «Соодагер сандыгын бурчка койгондо – пол титиреди го, чиркин. Ичинде тири укмуштар толо окшойт». Бышкан жумуртканы соодагердин алдына жылдырат да, көздөрү сандыктан өтөт. «Бу сандыктын ичи толо береке окшойт! Бири […]