Португал эл жомогу: Соргок аял

Илгери бир балыкчы жашаган экен. Аялы абдан соргок болуптур. Күйөөсү жокто өзүнө даамдуу тамактарды жасап, тоюп алчу. Күйөөсү келгенде даяр эчтеке жок, кургак нан,  жер-жемиш менен курсагын эптеп тойгузат. Мындан тажаган күйөөсү күйүтүн айтып, кудайга жалынат: “Эмне үчүн түйшүктөн башы чыкпаган адамга ушундай аялды буюруп койгонсуӊ?” Аӊгыча эле торунда абдан чоӊ балык туйлап жатат дейт. Аны чыгарып алмак болгондо балык кишиче сүйлөйт: — Мени коё бер. Мен балыктардын падышасымын, сенин арыз-муӊунду угуп сага жардам берейин дедим. — Жакшы болот эле, […]