Өспүрүмдөр конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды!

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” аттуу конкурстун урматтуу катышуучулары! Сиздер көптөн күткөн келди, республикалык мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн конкурс жыйынтыкталып, байге ээлери аныкталды. Дилбаяны сайтка жарыялангандар жана жарыяланбай калгандар, дилбаяны жиберилип, бирок кайсы бир себептер менен бизге жетпей калгандар, силер – ар бириңер кандай болгон күндө да чыгармачылык атаандаштыкка аракет жумшадыңыздар! Аракет кылууга бел байлоонун өзү адамдын өнүгүшүнө кедерги боло турган кошкөңүлдүктүн, жалкоолуктун, чыгынбастыктын үстүнөн жеңиш. Ушул кичинекей жеңишке жетишип, Айтматовдун чыгармаларын окуган болсоңор, силер сөзсүз адам болуунун канжыгасына азык камдадыңар. […]