Буурусундан атом бомбасына чейин Сталиндин экономикалык саясаты

Сталиндин мезгилиндеги экономика ошол кездеги доордун өзү талаш-тартыш жараткандай эле талашка түшүп келет. Бирөөлөрү «Өлкөнү буурусун менен кабыл алып, атом бомбасына ээ, индустриалдуу өлкөгө айлантты», — деген Черчиллдин белгилүү сөзүн кайталаса, башкача айтканда, артта калган агрардуу мамлекетти кубаттуу индустриалдуу мамлекетке айлантканын айтышса, экинчилери: кандай баа менен! — деп каяша кылышат. «Биз 50-100 жылга артта калдык» ХХ кылымдын 30-50-жылдардагы СССРдин экономикасындагы чоң жылыштарды «Сталиндин экономикалык керемети» – аташкан. Сталин бийликке келгенде, социалистик жаш өлкөнү индустриянын жолуна салмайынча алыска кете албасын жакшы […]