Су Шинин кыйынчылыктан кантип чыкканы

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз. Бир жолу өспүрүм Су Ши[1] Цзюцзянга сынак тапшырыш үчүн кайык менен жөнөдү. Бирок катуу бороон болгондуктан сынакка кечигип барды. Сынак башчысы башында Су Шиге сынакка катышууга уруксат берген жок, бирок өспүрүм жагдайды түшүндүргөнүнөн кийин аны аяп, мындай деди: — Мен дуйландын[2] биринчи бөлүгүн айтам, сен […]