Сулайман РЫСБАЕВ: Бир шиңгил аңгемелер

БАЛА – ПАДЫША Жайлоодо элек. Бекиш чоң  ата ак сакалын бапайтып, үйгө  келип калды. Экиге жаңы чыккан Темирлан уйкудан көзүн ушулап тура калып, колун созду. Бекиш чоң ата аны  эркелете жыттап бооруна кысты. Бүкөн апа төргө тасмал жасты. Кымыздан куюп,  чоң атага чыны сунду. – Мака дакы бе-ейчи…– деди Темирлан чыныны талаша, колун созуп. – Азыр, балам… Биринчи чоң ата ичсин да…– деди Бүкөн апа ыңгайсыздана. Бекиш чоң ата чыныны өзү албастан, наристе баланын кош колуна карматты. – «Бала — […]