Сулайман Рысбаев: Алтын баш (жомок)

Илгери-илгери бир абышка-кемпирдин картайганда көргөн жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга: — Сен аман-эсен эркек бала төрөйсүң, — дейт, — ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле думуктуруп жок кыламын. Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө, — дейт. Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Дыйкан жана мышык

ЖОМОК Дыйкан көп жылдар бою баласыз жүрдү. Байбичеси экөө балалуу болууну, аны эркелетип сүйүүнү самады. Бирок тагдыр бир баланы көпкө чейин кечиктирди. Ошо жылдары алар бирөөдөн бала мышык сурап алып, баладай бакты, эркелетип сылап-сыйпап чоңойтту. Мышыкка берген баланы мага эмне бербедиң …- деп дыйкан менен байбичеси көз жашын көлдөтүп жүрдү. А мышык болсо өзүн эркелетип баккан сайын, дагы да ошентишсе деп тилеп, эгер булар балалуу болсо, мени унутуп коюшаар, — деп санааркап жүрдү. Буга бир нерсе себеп болгон. Ал мышык […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Акыркы марал

АҢГЕМЕ Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер музоочук тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип, жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму да көбөймөк… Бул — өмүрдүн уланышы. Кер музоочук эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Улуу акын Токтогул – кыргыз адабияты менен маданиятындагы феноменалдуу көрүнүш

Кыргыздын элдик таалим-тарбиясынын баа жеткис уюткусун чыгармачылыгына сиӊирген акындар поэзиябыз эч бир калктын улуттук баалуулуктарынан кем эмес. Мына ошондой улуттук салттуу баалуулуктарыбызды муундан-муунга өткөрүп, өлбөс кылып жашатып  келаткан, аны андан ары өнүктүргөн керемет алп таланттардын бири, албетте, Токтогул Сатылганов экендиги талашсыз чындык. Ал көзү тирүүсүндө эле «акындардын мектеби», «айтыш өнөрүнүн анабашы» атыгып, түндүгүбүз менен түштүгүбүздүн өнөрпоздорун дамамат баш коштуруп, акындык өнөрүн журтчулугубузга жайылтып, элибизди керемет ырлары, күүлөрү, өзү айткан элдик дастандары менен ыракатка бөлөп,  «тоо булбулу» атыкканы бекеринен эмес. Бул […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Акын-демократ Токтогул Сатылгановдун адамдык жана акындык тагдыры тууралуу жаңы ойлор

Улуу акын, «тоо булбулу» Токтогул Сатылгановдун өмүр баянындагы бир катар так эместиктер менен саясый бурмалоолор да бар экендиги эгемендик жылдарынын алгачкы күндөрүндө эле айтыла баштаса да, дагы деле андай сөздөр кулактын кыйырынан өтүп, көздүн жаздымында калып келатат. Анын акындык да, адамдык да бейнеси тууралуу кийинки муундарга туура так маалымат берүүнүн мааниси, албетте, чоң. Анын башаты эле мектептин окуу китептери экендиги талашсыз. Анткени окуу китеп гана мектепте өсүп келаткан жаш муундарга туура, так маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азыркы адабият окуу китептерин […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Жакшы ата издеген бала

(Бүгүнкү күндүн жомогу) Ушул эле биз жашаган чоң шаардын четинде бир эрке тентек бала жашачу. Анын атасы өз эмгеги менен күн көргөн, баласынын да эмгекчил болуп өсүүсүн тилеген карапайым адам экен. Ал эрке баласына күндө акыл кеңештерин айтып, кичинекей болсо да татынакай  кооз, айланасы бак-шактуу үйүндө жашап жатышыптыр. Эрке баласы атасынын тапканын ичип-жеп, сатып берген кийимин кийип, үйдө жүрсө уйкуга, талаада жүрсө оюнга тойбойт. «Окуп жатам» деп мектепке барганы менен, анысын да жарытпайт. Бекерчиликке көнүп, жалкоо болуп чоңоёт. Аны көрүп, […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Кара таштагы сыйкырдуу жазуу

ЖОМОК Кайсы өлкөдө, же кайсы элде экени белгисиз, бир канча жыл катары менен катаал болуп, эгин чыкпай, же чыкса бышпай, ачарчылык өкүм сүрүптүр. Ошол жылдары адамдардын ниети бузулуп, пейли качып, ыйман акчага алмашылат, колунан келгендер көр оокатка туйтунуп, алсыздар кор тутулат. Элде кайырчылар көбөйүп, ачкадан карылар менен балдар кырылат. Ата-энелери өз кара жандарын калкалап, балдарын чака тыйынга, жигиттер ар-намысын, кыздар абийирин сындырым нанга алмашат… Муну көрүп-билип туруп, адилет падыша элин эпке салалбайт, түз жолго баштай албайт, оор турмушту оңой албайт. […]

Макмал тоосу жана Ор-Казган тууралуу уламыш

Тогуз-Тородогу алтын кени казылган Макмал тоосун ким гана билбейт. Мына ошол тоо тууралуу элде мындай окуя айтылат. Калмактар кыргыз жерин басып жаткан доор экен. Ошол кезде калмактын Дорбу деген байынын жер жайнаган жылкысын баккан бир кыргыз жигити болот. Ал жигит сымбаттуу жана акылдуу жигит экен. Аны көргөн калмак байынын кызы Макмал жактырып калыптыр. Байдын кызы Макмал да абдан сулуу экен да. Ойлогон оюнан кайтпаган кыз ак сезимин кызматкы кыздары аркылуу жигитке жеткизет. Жигит да кызды бир көрүп жактырып, алоологон сүйүү […]

Кырк кыз ашуусу тууралуу уламыш

Суусамыр тоолорунун түштүк-батыш тарабында Сары-Камыш айылы жайгашкан. Мына ошол Сары-Камыштан Жумгал тарапка келаткандар Кырк-Кыз ашуусун ашып өтүшөт. Бул ашуу деңиз деңгээлинен үч миң метрге жакын, Айры-Таш тоолору аркайган, жайында күн тийип турганда да жеңил кийим кийген адамды ичиркенткен тентек шамалы бар ашуу. Үстү тайпак, ойдуңу кең, ортосунда жылга суусу бар, өйүз-бүйүзүн экиге бөлүп турат. Баш-аягы кунан чабым жер. Тулаңын жылкы сүйүп жеген, аны жеген бээнин кымызы ширин деп илгери Сары-Камыш менен Жумгалдын Кызыл-Оюнун байлары жайлачу экен. Ошол жылдарда жай кезинде […]

«Керайгыр суу кечүүсү» тууралуу уламыш

Сары-Камыш айылында Тержайлак деген ажайып жайлоо бар. Ошол жайлоону жарып өткөн Көк-Чолок жана Керайгырдын суусу деген суулар бар. Алардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Бул ирет Керайгыр суусу тууралуу айтылып келаткан  бир  керемет баянды кеп кылайын. Бул жерде кайсы замандан бери эл жашап келатканын албетте, так айта албайм. Ошентсе да, кайсы бир заманда ушул айылда бир чоң той болгон экен. Тойго түштүк тарабынан Тогуз-Тородон, чыгыш тарабы Жумгалдан, түндүк чыгыш – Суусамырдан бери эл чакырылып, күлүктөр узактан чабылган экен. Айтымда Жумгалдын […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Сөз жөнүндө дастан (1-этюд)

СӨЗ — ЫЙЫК, СӨЗ — КЕРЕМЕТ Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө ал ырдап тургансыйт. Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз сөзү жетиштүү болот. «Cөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт» деген ошо. Керек учурда гана айтылган […]