Султан Раев: Туман

АҢГЕМЕ Энем Касиеттин элесине Автор — Урматтуу жүргүнчүлөр! Аба ырайынын шартына байланыштуу Бишкек-Ош 113-каттамы эртеңки саат 9.00гө которулду! – диктордун бу үнүн укканда Мусанын бешене териси тырыша түштү. Эки күндөн бери калың туман түшүп, бир да самолёт абага көтөрүлгөн жок. Бу кабарды уккан башка жүргүнчүлөр да ичтен кейип, ачуусу кашайып, учуп кетебиз деген үмүттөрү таптакыр үзүлдү… айрым териси жука, чыдамы жоктор билеттерин тапшырып, кассада отурган кыздар менен урушуп да кирди. Күнөө билет саткан кыздарда болбосо да, эки күндөн бери карайлап, […]