Өкмөттүн эки жылда берилчү Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы бар. Ал 11 номинация боюнча берилет. Анын ичинде бизге тиешелүүсү “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы. Дал ушул сыйлыктын 2017-жылдын 12-декабрында лауреаты болдум. Бул сыйлык акыркы эки жыл ичиндеги жазган эмгек үчүн ыйгарылат. 2015-жылы бул сыйлыкка конкурс жарыяланып, жободогудай акыркы эки жыл ичиндеги эмгектерди көрсөтүү керек экен. Менин жападан жалгыз “Жүрөк үнү” аттуу китебим 2014-жылы чыккан. Дал ошол китебимди жөнөттүм. Жыл боюнча карасак жобого туптуура. Анан 2015-жылы жылдын аягында ал сыйлык негизи […]