Алым ТОКТОМУШЕВ: Мидин

Кээде келесоодой ойлор келет: Мидин качан Мидин атыгып, атпай кыргыз журтунун кан-жанына кантип сиңип кеткен? Айрым учурда Мидин деген ысым кыргыз кыргыз болгондон бери эле бар сыяктуу туюлат. Кудум Жээренчечен, Асанкайгы, Акылкарачач дегендей… Ойлоп көрөлү: минтип ойдогудай жазуу-сызуубуз болбосо, адаттагыдай адабиятыбыз гезит болуп тарап, китеп болуп басылып чыкпаса, же алакандын отундай жерге топтошкон үркөрдөй кыргыз калкы болбосо, Мидин качан жашап, калк оозунда качан, кантип ылакап катары калганын боолголош чындыгында эле кыйын болмок. Тилекке жараша, «Авроранын» залпына аралаш туулган баланын» аты-жөнү […]

«Ушунчалык унутпаган, адамкерчиликтүү адам экен!..»

Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен (Жамбыл автовокзалынын директору болуп иштеген Кыргызбековдун Чыңгыз Айтматов жөнүндө айткандарынан) Бул окуяны да “үнү жок” Раманкул Момункулов аксакалдын саргыч өң контор журналына жазылган “эскерүүлөр топтомосунан” окуган элек. Ошол өзү ээн-жай отуруп кагазга түшүргөн калыпта — ырааты менен сөзмө-сөз келтирели. Казак кулуну Кыргызбеков ага жыл-айы эсте жок күндөрдүн биринде төмөнкүдөй эскерүүсүн баяндаган экен: “…Жумуш убактысы бүтөөрүнө аз эле убакыт калган. Бир убакта эшикти ачып бирөө кирип келатат. Карасам — өңү аябай тааныш. Келип эле […]

«Бизди Акбар агай окуткан!»

Белгилүү адабиятчыбыз Абдыкерим МУРАТОВ Акбаралы Сыдыков тууралуу Ош мамлекеттик педагогикалык институтун өткөн кылымдын 70-80-жылдары бүткөндөр ушул сөздү сыймык менен айтып жүрөбүз. Мен жумушума байланыштуу өлкөнүн көптөгөн мектептерин кыдырдым – болбогон районум, болбогон мектебим жокко эсе, ошолордун баарында бизден мурда-кийин бүткөн «ОГПИчилер» менен кездеше калганда сөзсүз Акбар агайды эстеп алмайбыз бар. Анан ал кишинин өмүрүнүн кыскалыгын айтып улутунуп калабыз… Акбаралы Сыдыков агай менен менин жолугушуум 1972-жылга туш келди. Он алтымда онду бүтүп, оозуман эне сүтү кете электе Ошто окуу бактысы туш […]