Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев демилгелеген өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу. Конкурстун шарты: Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын баардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы». Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн […]

Авар эл жомогу: Эки бир тууган

Илгери илгери эки бир тууган болуптур. Алардын кичүүсү кедей экен, улуусу бай жашаптыр. Улуу бир тууган кичүүсүн теңине албай, бир гана өзүндөй байлар менен мамиле түзүп, дос болчу экен. Ал өз инисинин көңүлү каларына карабай жарды туугандан пайда жок экенин, кыйынчылыкта бир гана бай достору жардам берерин саймедиреп айта берчү. Бир жолу анын ушундай кептерине таарынган иниси кетип калган соң байдын аялы мындай дейт: — Сен иниңди бекер эле баалабай жатат окшойсуң. Менимче, ал туугандыкка туруктуу көрүнөт. Болбосо азыркыдай сөздөрүңдөн […]

Акжол ДОРАНБЕК уулу: Өз чындыгың бир күн барып бүлүнөт

ЗАМАНГА Заман ушул тагдырыма туш келген, Ызгаары укмуш, талаасы чөл, шамалдуу. Чулгап бороон – чапкындары туш жерден, Чыйрыктырып сынайт эрким, чамамды. Чыйралууга чыңалууда каршылык, Чийет канча жалын-жашыл куракты. Тоо боорунан түшкөн селге каршы уруп, турган менен турмуш шары кубаттуу. Жамгыр төгөт көздөн аккан жаш сынду, Жаркырайт күн көздүн нуру жангандай. Күндөй өмүр сүргөн жандар бактылуу, Чагылгандар аларга түк жалгандай. Мендейлерге төрт мезгил тең жаңырып: Аптабы ысык…Чилде таштай зилдетет… Үмүт чиркин кыя жолдон жаңылып, Жашыл таңдар жарыгы өчкөн түнгө өтөт… Эбак […]

Кыргыз жомогу: Абылай жетим

Илгери заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен: — Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?- деп сурайт. — О, балакетиңди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен. Бала катуу ичи күйсө да атасын экинчи көрө албай турганына көзү жетти. — Энекебай, менин атам эмне кесип кылчу эле? — Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу. — Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, […]

Назым ХИКМЕТ: Үч жигит жөнүндө жомок

Менин уулума биринчи жомок Балам, бар экен, жок экен, дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста, бир курактагы, бойлору да тең үч жигит жашаптыр. Дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста жашаган жигиттер эч качан бири бирин көрбөптүр жана бири бири тууралуу угушпаптыр дагы. Балам, дүйнөнүн үч жак четинде жашаган жигиттер бир жылда, бир күндө жана бир саатта туулган журтун калтырып, Өлбөстүктүн ташын издеп жөнөшөт. Укканга караганда, алар Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудуктун ичинде […]

Эки дос жана алардын аялдары

Уйгур жомогу Бир шаарда эки дос жашаптыр. Биринин аты – Юсуф, экинчисики – Якуб. Экөө тең үйлөнгөн, өз аялдарын жакшы көрүшчү экен. Бир жолу Юсуф Якубга жолугуп калып, өз аялын мактап, шаардагы аялдардын эң жакшысы, мыктысы дейт. Якуб досунун сөзүн угуп олтуруп мындай дейт: – Кимдин аялы мыкты экенин турмуштан текшерип көрөлү. Өзүнө өзү ишенген Юсуф дароо эле макул болот. – Азыр өз үйүңө баргын да, ооруп келдим деп өз төшөгүңө жатып кал, анан оорулуу кишидей чабалактап, онтой башта. Кудайлап […]