Түгөлбай КАЗАКОВ: Жакшы обон чыгарыш үчүн шыктан башка да кирди-чыкты акыл керек экен

Биз – 2-класстын балдары мектепке баратканда ортоңку айылда жепирейген үйдүн алдында ары-бери өткөндөрдү карап бир абышка отурар эле. Алгач салам айтып жүрдүк. Жалдырап тиктеп эле алик алчу эмес. Кечинде келатсак деле ошол ордунда отурчу. Бир күнү эле таш алып бизди кууп калды: – Шыйрагыңарды сындырам! Биле-ем мен! Кемпириме гана көз артып жүрөсүңөр! Ал меники! Жайлайм! Сайга түшө качтык. Кайра кайтканда анын үйүн айланып өтчү болдук. Дагы бир күнү келатсак, көчөнү көздөй жулунуп жатыптыр. Кемпири, дагы бир киши менен үйгө алып […]

«Эр жигиттин кошомат кылганча өлгөнү артык»

* * * Апам экөөбүз бир жактан келатканбыз. Мен «жакшы болоюн» деп калгам. Бир кезде апам чочуп кетти: – Э, кудай! Тиги эмне балекет?! Карасам биздин боз үйдүн үстүнөн уюлгуп коюу кара түтүн чыгып жатыптыр. Апам чуркады. Артынан мен жөнөдүм талтактап. Аз өтпөй эле үйдүн үстүнөн жалын чыкты. Апам отура калды. Мен селейип эле туруп калдым. Биздин көз алдыбызда боз үй урап түштү. Болгон дүнүйө-оокатыбыздын баары ушул үйдө болчу. Колго алар буюм тургай, жумушчулар аш ичкен табактар да бырбыйып эрип […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Жалгыз кайык

АҢГЕМЕ «Күйгөн эмне экенин күйүп бүткөн күлдөн сура». Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат». «Секирбегиле! Артка кайткыла! « – деп кыйкырайын дейт, үну чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаны бир кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок. Тамагы буулуп, көкүрөгү […]