Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: Туулган жер (шедевр)

АҢГЕМЕ Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам. Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи. Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, […]

Садир ДОСБАЕВ: Дворниктердин аңгемеси

— Салам Алейкум. Иш илгери. Кайран, эртелетейин деген экенсин. — Уа алекиге салеки, сартым келдиңби? Аяштын колунан бошоно албай аттыңбы? Маша кеч келгениңи көрүп калса тайенеңи таанытат. Айлыгыңан штраф демиш болуп кармап калат. — Катындан коркконду тапкан экенсиң. Силер аркалыктар катыныңардан коркосуңар. Катындарыңар беттен алганда тешик таппай каласыңар го. Биздин аялдар жүдаям назик болушат. Ха-ха-ха.. — Ха-ха-ха. Эсиңен чыга элек экен. Ошондо аяш көрүп калса Марат энесин гана көрөт эле. Жакшы подвалга жашырып койдуң. Айылда кантип атышты экен десең. Ичип […]

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ: Деген экен…

Жылкычынын жылдырма Илгери жазуучулардын кайнаган жери «Кыргызстан», «Мектеп» басмалары болор эле. Ар кандай жарпты жазган, көңүлдү ачкан азил-тамашалар дал ошол эки басманын кууш, узун коридорунда байма-бай айтылып турчу. Анан калса көзгө басар эки басмабыз тең бир имаратта жайгашкан эле. Күндөрдүн биринде басманын эски кызматкери, саясый тексттердин котормочусу Элакунов Рысалыга эмнегедир Насирдин Байтемировдун («эмнегедир» дегеним, ал көркөм адабият менен иши жок, жазуучулар чөйрөсүнөн обочо киши болчу) дареги зарыл керек болуп калыптыр. Тигиге барат — билбейт, буга барат — билбейт. Акырында Жапиев […]