Чоор жөнүндө уламыш

Илгери-илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш ушку салат. Уйку-сонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат. Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. […]

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ: Жоругу көп Жокем же Ак-Кыянын аңызы бүттүбү?

ЭСКЕРҮҮ Кар жатпас кара Кочкордун тээ түпкүрүндө ызгаары бетти туурулткан, кара шамалы карартып, жайкы аптабы куйкалап жиберген, тоосунда кара доңуз (чөптүн аты), жака белинде шилбе, жайыты такыр болгону менен малга ылайык, боз адыр курчаганы менен коктусу ылдый коену куюлган эки тоонун ортосунда жайгашкан Кара Кужур өрөөнүндө Ак-Кыя деген айыл бар. Айыл аталганы менен жапан талдан башка бир бак аттуу жок. Буудайды мындай кой, арпа бышпайт. Бак-дарак оозуңан айлансын. Бүт турмуш малга байланган. Союз учурунда Маскөөнүн камсыздандыруусунда болчу деп айтышат. Чет […]