Төлөндү АКМАТОВ: Жеңе

АҢГЕМЕ Боз түшүп, күн ысык. Шаардын киши толгон көчөсү менен кемселин каруусуна илип, колуна кичине чемодан кармаган жигит ылдамдай басып автостанцияга келди. «Кара-Балта! Кара-Балтага ким барат, бир орун бар!», «Пржевальск», «Рыбачье», «Моголго-Мо- голго!» Бир орун бар Моголго!» деп ары-бери басып таксинин шоферлери үн салышат. Дүрүлдөп каршы-терши өткен машиналар. Кайда көз чаптырбагын, кыймылдаган калайык: бири көйнөк кийип, жылаңбаш жеңил жүрсө, бири түлкү тумакты баса кийип ичикчен, бирлери ала топучан, чапанчан. Кассанын алдында котолошот. Жанагы жигит кассага жетип акчасын сунду: — Моголго […]

Төлөндү АКМАТОВ: Күн болбой куруп кал

АҢГЕМЕ I Бороон улуйт. Тунарган терезеге буюккан кар тозоңу демеп-демеп урунат. Мешке көң жагылган, үй ичи мейрим төгүп жылуу. – Апа, бүгүн барбачы, сөздү угуп, эшик тигинтип турса кантип жетесиз деги, – келин карылыгы жеткен кайненесине карап, бөлмөнүн ортосунда турду. – Кой, балам, убара болбо. – Анда мен да барам, апа. – Сен кетсең үйдө ким калат? – Анан кантип жүрөсүң деги ушу бороондо, – келинчек чын дилинен кайненесин аяп турду. – Карачы эшикти. – Мени Кудай албайт, балакетиңди алайын, […]