Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Акыркы төөчү (шедевр)

АҢГЕМЕ Адырда күз. Күн мээ кайнатып, саргайган адыр отко түшкөн курум кийиздей тап чыгарып, ал тап адыр бетинде көлкүп, көлдөн соккон сыдырым жел менен тоо беткей кылкылдап агып жатты. Аптап күчөгөн сайын адырды боз мунарык чалып, көкжээк көз учунда бүдөмүктөп, куба адырдын учу-кыйыры жазылып бараткандай болду. Береги тоо этегинен бери суурулуп чыккан бүкүр белдердин, балык жон кырлардын, дөңдөрдүн жону күдүрөйүп, күн ысыган сайын көөп, бийиктеп бараткансып, аптапка ыксырап жаткан алп макулуктар өңдүү бир ирмемде ордунан туруп кетүчүдөй көрүнөт. Күйүп кеткен […]