Жоомарт БӨКӨНБАЕВ: Түлкү менен Бөдөнө

I Шибер чөп маалым кылат жай мезгилин, Жел эсип экилентет суу эпкинин, Күн батып… күүгүм кирип жылдыз чыгып, Жамынды көөдөй кара түн кепинин. Күн бою бир бөдөнө бытпыл уруп, Ал дагы түн түшкөндө калды тынып, Жорголоп – корккон жүрөк тайдай туйлап, Жол бою бетегеге кирди жылып. Пааналап жел эркеси жашыл чөптү, Кетпестей түнгө сактап чексиз кекти. Ой бийлеп, кыял белден баскан кезде, Үргүлөп таттуу уйкуга кирип кетти… II Ачкарын түлкү жаткан ичтен тынып, Узун күн үңкүрчөдө ташка бугуп. Козголду ал […]