Мезгил ИСАТОВ: Түндөгү караңгы

ЭССЕ Ай нурунда жол таап келаттым. Даана көрүнгөн эч нерсе жок. Жөн эле келе бердим. Көрүнүп-көрүнбөгөнү, билинип-билинбегени, түшүнүп-түшүнбөгөндөрүм ичинде… Караңгыда… Жол таап келаттым. Өзүмө ылайык. Тыптынч айланада. Эч кимдин тынчтыгын бузбай акырын, абайлай басам. Өз дүйнөмдө өзүмө келаттым. Жашоом деле байкалбай кетип бараткан караңгылык сыяктуу жымжырттык ичинде… Караңгыда… Жалгыз аяк жолдо келаттым. Жарымы жарык, жарымы караңгы дүйнөдө. Караңгыны кооз кылып ай келатат. Бир үмүт сыяктуу таң атат. Жашоо алмашылгандыгы үчүн уланат. Караңгыдан жарыкка…Жарыктан караңгыга… Кээде Ушул жылдын алгачкы кары жаады. […]

Эрнис АСЕК уулу: Кансыраган жүрөктөн тамчылаган сырлардай

Алыстан, алыстан добуш угулат… «Поэзия ырларда гана эмес: ал бардык жерде, айлана-чөйрөбүздө бар. Мобул бак-дарактарды, асманды карагылачы – туш-тараптан сулуулуктун, кооздуктун, өмүрдүн илеби урат, ал эми кооздук, сулуулук, өмүр бар жерде – поэзия бар” деп орус классиги Иван Тургенев орус кайыңдарын кармалайт… Мезгил мага телефон чалып, “кеңеше турган кеп бар эле” дегенинен улам жолугуп калдык. Коюн-колтук алышкан достугубуз жок болсо да, көп жылдан бери келаткан сый мамилени утурлай баарлашып калдык. “Китеп чыгарайын дегем, ырларымды карап, редактор, корректор – каталарга директор […]