Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ: Ыкым[1]

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. 1890-жылы 17-апрелде Крит шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мехмед Шакир Паша Крит жана Атина шаарларында элчи, аким кызматтарын аркалаган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Бодрум шаарынын антикалык доордогу Халикарнас атын өзүнө псевдоним катары ыйгарып алган Жеват Шакир Бодрумда балыкчылыктан башка көптөгөн иштерде иштеген. Жашоосун жазуучулук жана туризм тармагындагы гид кызматын аркалап, гид кызматы тууралуу […]

Немис тилинен кыргызчаланган Генрих Гейне

Генрих Гейне – немис элинин Гёте менен бир катарда турган улуу акындарынын бири. Анын ырлары лирикалуулугу менен айырмалангандыктан Шуберт, Шуман, Вагнер, Брамс, Чайковский сыяктуу композиторлор Гейненин ырларына музыка жазышкан. Еврей улутунан болгонуна карабай жөнөкөй, жеңил, баарына түшүнүктүү тил менен жазылган ырлары аркылуу немис тилин жогорку деңгээлге көтөргөн. Фельетон, сын жазууда да ага теңдеш болбогон дешет. Улуу акын 1797-жылдын 13-декабрында Дюссельдорфто еврей көпөс Самсон Гейненин үй-бүлөсүндө туулган. Энеси Бетти (Пейра) билимдүү жана акылдуу аял болгондуктан уулу Генрихтин жакшы билим алуусуна шарт […]

Сулaймaн КAЙЫПOВ: Түрк тилиндеги фольклордук тексттерди кыргызчага которуунун маселелери

Көп тилдүү дүйнөдө жашоонун өзү тилдер аралык байланыштардын өнүгүшүн, анын ар кыл формада жана деңгээлде ишке ашырылышын шарттайт. Aзыркы учурдaгы цивилизaциялaр, өлкөлөр, улуттaр aрaсы мaмилeлeрдин күч aлышы, улуттук мaртaбaгa ээ бoлгoн тилдeрдин улaм өөрчүп-өнүгүп бaрaтышы, кaлктaрдын, өлкөлөрдүн бири-бири мeнeн бoлгoн көп кырдуу кaрым-кaтнaшынын турмуштук зaрылдыккa aйлaнышы мaaлымaттaрды тилдeн тилгe кoтoруу өнөрүнүн мaaнисин күндөн күнгө aрттыруудa. Кийинки убaктaрдa кoтoрмoнун түрлөрү, aнын чeбeрчилик мaсeлeлeри жaнa эл aрaлык мaмилeлeрдeги aткaргaн милдeти көбүрөөк сөз бoлуп, oлуттуу изилдөөлөрдүн бутaсынa aйлaнды. Кoтoрмo тeoриясы мeнeн прaктикaсындa ooзeки […]

Ишенбай Абдуразаковдун котормосундагы классикалык жапон поэзиясы

Кыйла жыл мурда, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп калдым. Ал жер баарыбыз үчүн кыргыз адабиятынын куттуу жериндей сезилер эле. Башкага кандай сезилчү билбейм, мен негедир апкаарып, «КМ» редакциясынын босогосун аттай берерде алды-артыма кылчактап, шар кирип кеталчу эмесмин. Тепкичтеринен шырп эткен дабыш же кобур-собур үн угулсале сүр басып, бир кезде кыргыз адабиятынын дөө-шаалары, белгилүү сынчылар, жазуучу-акын, котормочулар: Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Камбаралы Бобулов, Кадыркул Даутов, Ашым Жакыпбеков, Жолон Мамытов, Аман Токтогулов, Абдыганы Эркебаев, Каныбек Эдилбаев, Сүйөркул Тургунбаев, Алым Токтомушев, Калык Ибраимов, […]

Монголдордун купуя тарыхы (БЕШИНЧИ БАП)

(1-БАП), (2-БАП)? (3-БАП) жана (4-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ Алкыйса, Чынгыс хан тайчигуттарды басып алып, Агучу Батур, Кодун Урчаң, Кудугудар деген тайчигуттардын бирин койбой кырып таштаган соң калган эл-журтту көчүрүп келип, Кубакая деген жерде кыштады. Этчүгүт Багарин уруусунун аксакалы Ширгүгетү Алак, Наяга деген эки уулу менен кетип баратып, Чынгыс хандын душманы, семиздигинен атка да мине албаган Таргутай Кирилтугдун токойду көздөй качып баратканын көрүп калды. Ал дароо артына түшүп кууп, кармап алды да арабасына отургузуп ала кетти. Аксакал Ширгүгетү уулу Алак, Наяга менен […]

Монголдордун купуя тарыхы (ҮЧҮНЧҮ БАП)

(1-БАП) жана (2-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ Алкыйса, Темүрчин Бурхан Халдун тоосуна сыйынып болгондон кийин Касар, Белгүтейлер менен акылдашып, Тула (Тугла) дарыясынын боюндагы Каратүн деген жерде олтурушкан Керейлердин Ваң Ханы Тогрулду издеп келишти да ага: – Үч меркит кокусунан басып кирип катын, бала-чакамды олжолоп кетишти! Хан ата, сизден бала-чакамды куткарып беришиңизди суранып келдим,– деди. – Былтыр сага айткандарым эсиңдеби?– деди Ваң Хан Тогрул Темүрчиндин сөзүнөн кийин. Сен: «Атам тирүү кезинде сиз менен антташкан дос болуп өткөн экен. Ошол […]