Азиз НЕСИН: Торос желмогузу (Үч көшөгөлүү драма)

Каармандар: Нури Саянер — пенсионер, 60 жаштан өткөн Михрибан — анын аялы Метин — алардын уулу Гүлай — алардын кызы Зия Чалакчы — жашап жаткан үйдүн ээси Осмон Күмүштекир — (Думан Осмон), ашынган кылмышкер Комиссар Кезметчи Милиционер Соттолуучу Биринчи журналист Экинчи журналист Үчүнчү журналист Гезит сатуучулар БИРИНЧИ КӨШӨГӨ Биринчи көрүнүш Чоң жыгач үйдүн экинчи кабатындагы конок бөлмө. Сол жакта – уктоочу бөлмөнүн эшиги. Оң жакта – далис, ашканага жана башка бөлмөлөргө алып барат. Сыртты карап турган эки терезенин ортосунда “Жараткан […]

Сабахаттин АЛИ: Хасан чөктү

Сабахаттин АЛИ – 1907-жылы Болгариянын Гүмилжине аймагындагы Эгридере кыштагында туулган түрк. 1927-жылы Стамбулдагы мугалимдер мектебин аяктап, кесиби боюнча иштеп, Германиянын Потсдам, Берлин шаарларында билимин тереңдеткен. «Бузуку үгүт» деген айып менен кесилип, мугалимдиктен четтетилген. 1932-жылы Мустафа Кемалды ырында сындагандыгы үчүн Синоп, Конийа шаарларынын түрмөлөрүндө жаткан. Республиканын 10 жылдыгына карата амнистия менен акталган. Мектептерде, Анкара консерваториясында мугалимдик кылган. 1946-жылы ишсиз калып, «Марко Паша» журналын ачып, анда бийликке акаарат айтканы үчүн камалган. Тынымсыз аңдуу, куугунтуктун айынан 1948-жылы Болгарияга өтүп бараткан жеринен, жол көрсөткүчү […]

Азиз НЕСИН: Там башында жинди бар!

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗА АҢГЕМЕ Бүтүн маале көтөрүлүп чыкты: — Тамдын башында жинди бар! Көчөнүн башынан аягына чейин көп кабаттуу тамдын башындагы жиндини көргөнү келгендер толуп кетти. Алгач жергиликтүү бөлүмдөн, андан кийин Ички иштер министрлигинен полициялар келишти. Анын аркасынан өрт өчүргүчтөр да жетип келишти. Жиндинин энеси: — Бөбөгүм, уулум, ылдый түш!… Кана балам!… — деп жалбарып жатты. Жинди болсо: — Мени башкарма кылбасаңар боюмду таштайм! – дей баштады. Өрт өчүргүчтөрдүн тобу эгер жинди ылдый секире турган болсо тосуп калыш үчүн […]

Мерих ГҮНАЙ: Уулумдун атасы

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗАК АҢГЕМЕ Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу терезесинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар. Энеме кайрылар элем: — Атам качан келет,эне? — Бир аздан кийин келет, уулум. Абдан сейрек болор эле ошол «бир аздан», ошол керемет, ошол укмуш «бир аздан» мени ушунча […]

Канкорлордун колунан өлгөн гуманист жазуучу

Дүйнөлүк адабияттан Сабахаттин Алинин жараткан чыгармаларын жакшы көрөм. Редакцияда иштеп жүргөн жылдарымда жазуучунун “Кирешелүү үй” деген аңгемелерден турган китебин окуп чыккам. Ошондо жазуучу жана анын аңгемелери жөнүндө кыскача материал даярдап, газетага басууга берген экенмин. ТҮРК ЖАЗУУЧУСУ Сабахаттин Али – түрк элинин демократ жазуучусу болгон. Ал 1948-жылы дайынсыз жоголуп кеткен. Жазуучунун жоголушу ачылбай белгисиз болуп, бир жыл өткөндөн кийин гана карасанатайлык менен киши өлтүргүчтөр тарабынана курман болгондугу белгилүү болгон. Түрк элинин прогрессивдүү патриот жазуучусунун өмүрү чыгармачылык эргүүсү гүлдөп турган учурда үзүлгөн. […]

Жакып Кадри КАРАОСМАНОГЛУ: Көгүчкөн аңчылыгы

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ — Жоок, көгүчкөндөрүмө тийбегиле, — деди. Улгайып калган чарба ээсинин бул жашоодогу сүйүктүү нерселеринин бири же балким эң биринчиси көгүчкөндөрү эле. Жаш кезинен бери атканасы, малканасы, тоокканасы же дыйканчылыгы аны чарбанын ички короосундагы көгүчкөндөрүндөй убарага салган эмес. Ошондуктан айылда болсун, шаарчада болсун үй-бүлөсүнүн атак-даңкына карабастан, кушчу Хүсейин мырза дешпесе эч ким тааныбайт. Хүсейин мырзанын кушчулугу бардык нерсесинен жогору турат. Өмүрүндө ушундай окуялар болду дейсиң: аялын, кыздарын, маанилүү иштерин ушул кызыгуусуна жана көңүл ачуусунун […]

Азиз НЕСИН: Сиздин өлкөдө эшек жокпу?

АҢГЕМЕ Тиши ооруп жаткандай бир колу менен бетин басып алып, башын оңго-солго чайкай кирип келди да: — Тфу! Уят болдук, уят эле болдук… – дей берди. Болбосо өзү маданияттуу адам. Эшиктен кирип кирбей, саламдашууну унутуп, “Тфу! Уят болдук” – деп кажанганына таң кала түштүм. — Кош келдиңиз, — дедим, — өтүңүз… Отуруңуз кичи пейилдикке… — Уят болдук, уят… — Кандайсыз? — Дагы кандай болмок элек, эми кандай болорубуз калды дейсиңби, уят болдук мына… Тфууй!… Каргашалуу окуяга туш болгонго дедим, балким […]

Имдат АВШАР: Кыбыла

АҢГЕМЕ Жээгинде мажүрүм талдар өсүп, жайы-кышы буркан-шаркан болуп аккан дайра. Тосмону бойлогон кызыл-сары ашкабак гүлдөрү, тосмодон ашып терезелерге чейин чубала жеткен кыпкызыл чырмоок гүлдөр… Мажүрүм талдардын арасынан агарган үйлөр. Төрт мезгил бою түтүнү үзүлбөгөн үй-очок. Анын эшиктери күн чыгышты көздөй ачылчу эле, дубалы таштан, үч тарабы кирпич… Сайма жаздыктар, килем, жер төшөктөрдүн алдына токума таарлар төшөлгөн чоң бөлмө: дайыма кулпулануу шкаф, анын эшиктерин ачууга балдарга тыюу салынган… Конок келгенде лампалары күйүп, мору түтөп, үй ээсинин жарпы жазылып калчу… Чоң бөлмөдөгү […]

Халит Зия УШАКЛЫГИЛ: Ферхунде Калфа

1866-1945-жылдар аралыгында жашап өткөн боордош түрк элинин белгилүү романисти жана жазуучусу. Сервети Фүнун жана Жумхурият адабий доорунун өкүлү. Сервети Фүнун адабий доорунун көрүнүктүү кара сөз чебери. Эң көлөмдүү түрк романы катары эсептелген “Ашкы Мемнунун” (Aşk-ı Memnu) автору. АҢГЕМЕ Калфа-хан сарайлардагы же мейманканалардагы кызматкерлерди башкарган кыз же аялдар. Калфалар жаш кезинен мейманканаларга же үйлөргө кызматчы катары алынып, ошол жердин салты менен чоңойтулат. Жана үй ээлеринин уруксаты жок турмушка чыга алган эмес. Ферхунде үйдүн кичине кызы Хесна ханым менен чогуу чоңойду. Ошондуктан […]

Орхан КЕМАЛ: «Элүү тыйын»

АҢГЕМЕ  Кааласа лапылдатып кар жаасын, кааласа шаркыратып жамгыр төксүн, кааласа түңкү аяздын илеби үшүтсүн, баарыбир таңкы саат беш жарымда, караңгы түндү жарып чыккан үнү менен көчө жээгинде пайда болот: — Газета, жаңылыктар! Түңкү саат төрттө туруп, машинкамдын маңдайында отурганым үчүн караңгылыкты, жамгырды, аязды теңине албаган бул үн менен дал ушул жерден жолугушам. Газетанын акчаларын кечинде эле үстөлүмдүн үстүнө даярдап койгонум үчүн күттүрбөстөн дароо көчөгө чуркам чыгам. Газеталарым мурунтан даярдалган болот. Колума карматып, акчасын алаар замат санабастан чөнтөгүнө салып, тоңгон мурдунан […]