Мезгил ИСАТОВ: Түптүз жолдо баса албадым түздөлүп

*  *  * Көзүмдөй деңизде Жарым сөздөр Тамчыласа, Төгүлсө… Чымчык жүрөгүм Тыбыраса, Сайраса… Кагаз кайык өмүрүм Толкубаса, Толбосо… Жаз келбейт эле. Өзүңсүз өмүр өтпөй, Айрылуулар, Арзуулар, Болбойт эле!.. *  *  * Түн жарымы, Чарчагандай түштөрүм, Ай тамчылуу, ак жылдыздар, Ак канаттуу булуттардай, Арзуулар да үзүк-үзүк, сезимдерге урунат! Жүрөгүм да дүкүлдөп, Эшикке чыгам дейт. Кармачы, карегим, Уйкусуз өмүрүмдү, Туруксуз көңүлүмдү. Кайда барат — Күйүп жанган Күндөрүм? “Сүйөм” дедим. “Сүйбөйм”дедиң. Ушул эле Ашыктык! *  *  * Күн батышы — Күтүүнүн башталышы. Күмүш […]