Дооронбек САДЫРБАЕВ: Төрт метр чыт

АҢГЕМЕ Үйлөнүп алдык. Айлык берген күнү атайы магазинге барып, Букешке арнап, роза гүлү бар көгүлтүр түстөгү 4 метр чыт сатып келдим. Келинчегим алып келген белегимдин жупунулугуна карабай мулуңдап сүйүнүп, чыттын бир учунан кармап, боюна ченеп көрдү да: — Абдан сонун чыт экен. Эртең көйнөк тигип алам. Карасаң, кандай жарашыктуу,— деди жан-алы калбай. — Кана,— деп бурула бергенимде, колумдагы авторучкамдан бир тамчы сыя чачырап кетип, жанагы чыттын кыргагына бармак басымдай көк-жашыл так болуп калды. — Каап, булгап койбодумбу… — Ой, эчтеке […]