Жалгыз кайык: көл түбүндөгү айыл арманы

Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемеси күйүттөн күл болуп калган момун адамдын башына түшкөн оор мүшкүлдү баяндаган чыгарма. Табият кырсыгы айтып келбейт. Тоо арасындагы кичине айыл көчкү алдында калып, андан төмөнгө түшүп кеткен Муса гана аман калат. Жакындарына ажыраган Мусанын кийинки жашоосу куру үмүт менен өтөт, көл үстүндөгү жалгыз кайыкта жакындарын издеп, аргасыз күн кечирүүгө өткөн адамдын муң-зары баяндалат. Мусанын кайгысы кайыктан ары кетпей, ың-жыңсыз көл үстүндөгү арманын уккан киши жок. «Кыргыз аңгемесинин классикасы» түрмөгүнүн бул чыгарылышы Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайыгына” арналат. […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Чаташкан ойлор

ЭССЕ Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр. * […]

Палестин эл жомокторунан: Чабалекей жыланды кантип алдады

Кайсы бир заманда, узак-узак жылдар мурда Шайтан жаман жүрүм-туруму үчүн жаннаттан куулат. Бир күнү Шайтан кайра  жаннатка кантип баруунун амалын ойлой баштады. Ал көңүлү чөгүп, бир кыйла убакыт отурду. Анан тегерегиндеги айбандар менен сүйлөшүп, ага жаннатка киргенге жардамдашчу бирөөнү издеди. Ары карап, бери карап отуруп, Жыланды көрдү да “буйруса, эми жолум болот окшойт” деп ойлоду. Жылан Шайтандын сөзүн кунт коюп угуп турду. “Мен билем, сен үчүн кыйын эч нерсе жок, Жылан. Ошон үчүн мен сенин тишиңе отуруп алсам, эмнеге болбосун? […]