Садир ДОСБАЕВ: «Салттуу дин» дегенди кандай түшүнсө болот?

«Салттуу дин» деген эмне? Муну кандай түшүнсө болот? Кандай деп түшүндүрсө болот? Менимче, түшүнгүсү келген киши эң оболу бул тушүнүктөрдү аныктап алышы керек окшойт өзү. Салт деген өзү эмне? Салт менен дин кошулуп анан салттуу дин болобу же диний салт болушу керекпи? Фейсбукту карасаң бул жөнүндө талаштан баш адашат чынында. «Энең байтал» айтыш аябай көңүлдү иренжитет. Ушу салттуу дин мен үчүн эмне? Мен, бир карапайым дыйкандын баласы муну кандай түшүнөм? Көп жыл мурун аракет кылып жүрүп арабча тамга таанып алгам. […]