Лев Толстой: Бөрү менен бээ (жомок)

Жолдо келаткан үйүр жылкынын артындагы аксак кулунду көргөн карышкыр жемей болуп аңдып жөнөйт. Бирок энеси байкап калып алдын торойт. Иш татаалдашканда карышкыр кууланып мындай дейт: — Мен чоң табыпмын. Кулунуңду бир азга мага берсең аксак бутун заматта айыктырам. — Ырас болбодубу. Айыгаар оорунун дарысы өзү табылат деген ушу да. Менин да арткы туягым ооруп жүрдү эле, карай салып анан кулунума өтүңүз, — дейт бээ кубанган шекилде. — Менин шилекейим дары. Туягыңды бир жалап эле экинчи ооругус кылам, — деген бөрү […]