Үмүт Асанованын Түштүк Африка жергесиндеги сапар кайрыгы

Биздин «Чеч-Дөбө» кеңешибиздин мүчөсү, философия илиминин доктору Үмүт Асанова учурда Түштүк Африкада жүргөнүнөн улам «РухЭш» сайтынын өтүнүчү менен окурмандарыбыз үчүн атайы жазып жөнөткөн сапар кайрыгын жарыяламакчыбыз. «Миң уккандан бир көргөн артык» деп сапар кайрык менен бирге өтө таасирдүү көз ирмемдеги фото-сүрөттөрдү жарыялоону да эп көрдүк… Көз жоосун алган Түштүк Африкадагы кооздуктарды биз менен бирге бөлүшкөндүгүңүз үчүн Сизге да терең ыраазычылык билдиребиз, ардактуу биздин Үмүт эжекебиз! Лесотодобуз. Балдар жазгы каникулга чыкканына байланыштуу, Асел (кызым) балдарын Йоханнесбургда өтүүчү 4 күндүк балдар үчүн […]

Атантай АКБАРОВ: Венеция – чындыкка айланган жомок

“На башне, с песнею чугунной, Гиганты бьют полночный час. Марк утопил в лагуне лунной Узорный свой иконостас.” (А.Блок.) Сапар баян Калаанын аты венеттердин атынан алынган, алар бул жерде Рим империясынын тушунда жашаган. Бирок анда лагунада (деңизге туташкан, бирок арасы кум менен бөлүнгөн булуң же көл алабы) шаардык калк жок болчу. Адамдар Венеция алабына варвар – вестготтордун, лангобарддардын жана Аттиланын гундарынын (Күн элдеринин) чабуулдарынан кийин V-VI кылымдарда келип отурукташа баштаган жана VI кылымдын экинчи жарымында Венеция алабында шаардык калк пайда боло […]