Трансгендер балдар коомго батпай кыйналат (2-баян)

<<<<<<<<<1-баян Кыргызстандын шартында трансгендер болуп төрөлгөн азчылыкка медицина жактан комплекстүү түрдө көмөк көрсөтүү жагы жолго коюлганбы? Бул суроого балдардын психотерапия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Абдиева менен бирге жооп издеп көрдүк. — Мурда албетте, ак халатчандар арасында деле трансгендерлерге туура эмес мамиле кылып келишкен. Бактыга жараша, кийинки жылдары Кыргызстандагы «Лабрис» уюмунун иштиктүү аракеттеринин натыйжасы менен врач адистер трансгендер өкүлдөрүнө жана алардын ата-энелери менен бир туугандарына көңүл буруп, түшүндүрүү жагы жолго коюлду. Аларга психолог, психиатр, психотерапевттер консультациялык жардам беришет. Буга чейин сөз […]