Абдыкерим МУРАТОВ: Кеңеш бийлиги жана Токтогул

Бир кыйла кызыктуу темалардын бири – Токтогулдун 1917-жылы Петроград шаарында жеңип чыккан Совет бийлигин кабыл алышы. Көпчүлүк булактарда, алар советтик мезгилде жазылган, Токтогул жаңы бийликти абдан кубануу менен тосуп алды деп айтылып, жазылып келет. Чын эле ошондойбу? Буга кандайдыр бир негиз болушу мүмкүн, себеби ал мурдагы Ак падышага каршы көтөрүлүшкө катышкан киши, анысы үчүн Сибирь сүргүнүндө адам чыдагыс оор азыптын баарын көрүп келген киши, ал эле эмес экинчи жолу да Наманган түрмөсүндө алты ай жатып чыккан киши. Анын мойнунда ушундай […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Курманжан датка Токтогулду бошотуп алганбы?

Токтогул Сатылганов менен Курманжан датканын байланышы да бир катар адабияттарда, көркөм чыгармаларда чагылдырылып келет. Алардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун «Келкел» романы. Албетте, ал көркөм чыгарма деңизчи. Бирок анын кандайдыр бир даражада болсо да тарыхый негизи болушу да керек. Ошол чыгармада Токтогул досу Төрө менен адегенде Миң-Дөбөгө (Мадали эшендин резиденциясы) барып, анан Алайга Курманжан даткага өтөт. Датка алардын эшен менен байланышына каршы болот. Анан мындай насаат сөзүн айтат: «Бул адам (сөз Мадали эшен тууралуу баратат – М.А.) мусулмандарды орус акимиятына […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогулдун динге мамилеси же акынды кантип атеист кылышкан?

Токтогул тууралуу советтик идеологиянын дагы бир ойлоп тапканы аны атеист кылып көрсөтүү. Токтогулдун атеизми окуу китептерине чейин кирип, мектеп окуучуларынын кулагына кумдай куюлуп, анын «Үч кожо», «Эшендерге карата», «Эшен-калпа», «Токтогул менен Эшмамбеттин эшенге ырдаганы», «Чакырбай сүткор», «Үйчүлүк эшен», «Муратбек», «Папы калпа» ж.б. бир катар ырлары акындын ислам динине каршы турганын тастыктайт деген идея менен талданган. Чынында бул ырлардын бир тобу ойлоп табылган, же болбосо Токтогулдуку болгон күндө да аларда антидиний көз караш жок, аларда динге жамынып жаман жоруктарын көрсөткөн дин […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул абактан качканбы же бошотулганбы?

Бул маселе көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырып келет, 1988-жылы Ж.Таштемиров «Током Сибирден качан качкан» деген макаласын жазат[1]. «Баскан жол» деген эскерүүсүндө Калык Акиев Тытты-Сай деген жердеги Ыса болуштун үйүндө Токтогулдун: Капыстан чыкса душманым, Кабынан таят жүрөгүм. Бул коркунуч башымда, Бүтпөй келгем сүрөгүм, — ырдаганын айтат[2]. Демек, акын качып келгени ырастайт. Ал кантип качкан, аны ким качырган? О.Сооронов макаласында[3] мисал кылган Ж.Жылкыбаевдин эскерүүсүндө Токтогул менен бирге он бир киши качып чыгат, жолдо тогуз казак өздөрү бара турган жакка бөлүнүп, Токтогул дагы бир […]

Кайдан чыкты «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?»

Б.Кебекованын мындай деп жазганы бар: «Совет бийлиги учурунда Токтогулду көтөрүү үчүн аны орус революционерлеринин алкагында саясый көз карашы калыптанып, замана-заңдын өзгөрүшүн кыргыздарга ала келген революционер, орустар менен достошуу идеясын жайылткан инсан, өз доорунун жол-жобосунан, салттык эрежелеринен кол үзүп, ашта, тойдо ырдабаган, бай-манаптар, журт бийлөөчүлөрү менен алака түзбөгөн ашкере демократ, мусулманчылыкты түп-тамыры менен четке каккан атеист акын катарында мүнөздөө зарыл болгон. Өз учурунун идеологиясы акындын жеке турмушуна чейин өңүт алып, алган жары Тотуя да башкача жагдайда баяндалып келген»[1]. 30 – 40-жылдарда […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогулдун ырлары түзөтүлгөнбү?

Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы? Кыргыз адабияты боюнча энциклопедияда да (Т.Сатылганов тууралуу макаланын автору К.Даутов) мындай сүйлөмдөр кездешет: «Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», «Арзымат менен айтышы», «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акын качан туулган?

Ж.Бөкөнбаев жазат: «1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы кубанычка толду. Бурма эркек төрөдү. Сатылган колундагысын аябай бешик той берди да, «Балдарым токтобой жүрчү эле, бул уулумдун атын Токтогул койдум», — деп жаңы төрөлгөн баласынын атын Токтогул койду» . Демек, акын 1933-жылы каза болсо 73 жыл жашаган. Муну Жоомарт эмнеге негиздеп, кандайча айтып жатат? Же кийин бул чыгарма жарыялангандан соң дагы беш жыл жашаган Бөкөнбаев бул дата туура эмес экен, мен жаңылыптырмын дедиби?.. А тургай ошого негизделип, Жоомарт «өкмөттүн адамы» болуп күркүрөп […]

Абдыкерим Муратов: Такталбаган Токтогул (Адабий-тарыхый изилдөө)

А.В.Затаевич жер муштап калганда… Чынында Токтогул Сатылгановду биздин коммунисттик партия дурус эле көтөрмөлөмүш болгону менен терең карап көрсөк андай дале эмес экен. Кеңеш өкмөтүнүн он жети жылын жашаса да, орусча суудай билсе да, көз карашында өөн жок болсо да, кыргыз акындарынын устаты болуп жүрсө да, көзү тирүүсүндө борбордон бир жан барып, жанында күндөп-түндөп отуруп чыгармаларын жазып албаптыр. Суроо туулат: казак, кыргыз, уйгур жергесин түрө кыдырып, казак фольклорун 3 миң беттен турган томго жеткирип жыйнаган, Кытайга барып ал жердеги элдердин оозеки […]