Афина БАКИРОВА: Көмүскө жашоом ыйык эл билбеген

Өзүн тапкан акын аз. Айрыкча бүгүн. Бүгүнкү сүрмөтоп акындар дээрлик окшош. Бирин бири кайталагандан жадай элек көбү. Бирөөнү бирөө тууроодон уялбайт дагы. Демек алар өздөрүн таба электир. Ал эми Афина Бакированын биз жарыялап отурган ырларындагы купуя сыр, жөн эле көз жүгүртүп окуп койбой турган саптары жыш кезиккен байыстуулугуна көңүлүбүз курсант болду. Ышкыдар көңүл күүсүн чертер поэзия демин сезген калемгер катары кыйла жетилиптир. Биз муну Афинанын секелек курагынан берки чыгармачылык өсүшүнө дайыма сереп салып, акындын өзүн жакындан билгенден улам кеп кылгандагыбыз. […]

Үч аргымак, үч чана

(Алгы сөз) Эркалы, атактуу авар акыны Расул Гамзатов байкебиздин баягы, атактуу китебин баштаардагы айткандарын эстедим. Ал мындай дебеди беле: – Менин тоолуктарымдын бир адаты бар, бир жакка жөнөрдө эшик алдынан эле атына мине калып, жөнөп бербейт. Ал атын жетелеп, айылдын четине чыгат. Ага чейин унчукпай, ойлонуп, бир топ жерге чейин барат. Балким, жолго чыгарда эмнени унутту, жолдо аны эмнелер күтүп турат, кимдерге жолугат, ушуларды ойлоп алат. Анан, айылдын четине барып, атына минет да, чу койгон бойдон, аттын туягынан көтөрүлгөн коюу […]

Конкурска: «Өлбөй туруп өлүп көрүү – чоң эрдик!»

№3 Ыр сели каптап турганзаманда жашап туруп,чыныгы поэзиянын үлгүсүндөгү же талабындагы ырларды жолуктуруп калсаң,жан дүйнөңдө кадимкидей майрам болгонсуйт…Анткени,азыркыргыздаыр жазбаган кишини жолуктуруу кыйын болуп калды. Интернеттегиар түрдүүаталыштагы социалдык тармактардан,мезгилдүү басылмалардан,жаңы басылган китептерденбелгилүү жана белгисиз авторлордун ырлары жайнап чыкты,чыгып да жатат. Бул жакшыбы-жаманбы,мезгилөзү таразалап берер деп,өзүбүздүжубататуралы…. Күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка суз, Күн өткөрүп сенсиз,ансыз,башкасыз, Жашап келем жашап болбос калаада Кол чатырсыз,үй дарексиз,акчасыз… Китептин баш сөзүнөн кийинки ушул төрт сап ыр автордун өзү жөнүндө кабар берет. Адамдыбирде кубантып,бирде көңүл чөктүргөн күндөлүк нерселерге“күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка […]

Нуралы КАПАРОВ: Абитай менен Шарипбай жөнүндө ода

I “Чын. Билем. Өмүр кымбат… От жагып жылуу үйдө жашайын дейм чиркин-ай, көмүр кымбат” деди да Абитайым жатып албай төштөгү сарайдагы тезек чапкан чабандарга кезек берип, алардан арткандарын түк калтырбай келди да тезек терип, тепкедей жерди болжоп арадагы тоодой тезек түшүрдү түтүн чыкпай томсоргон төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы. Күжүрмөн Абитайым күүлөнүп жана дагы, куураган отун көрсө талаадагы, койнунан кол араасын сууруп чыгып, кыйкаңдап күнү-түнү араалады… Кыш түшүп, көк түгөнүп, көк курусун, кышка деген эт түгөнүп, киши-кара келе калса жатагына кызарып […]

Рысбай ИСАКОВ: Сен жок жерде Күн тутулуп калгандай

МЕНИ ЭСТЕБЕ Бул дүйнөдө эч нерсе жок туруктуу, Буластаган калтар сымал кубулма. Бүгүн мага сүйүү болуп жаңырып, Бүгүн мага сүйүү болуп угулба. Сенин сүйүүң жолдошуңда, анан да Күнөөсү жок периштедей балаңда. А мен болсо өткөн күндүн элеси, Балким бармын, балким жокмун санааңда. Ошондуктан мени эстебе, эстебе, Мен жөнүндө айпа эч кимге эчтеме. Ошент… бирок жалгыз менин айымдан, Ошол күндүн сезимдерин жектебе. * * * Координатың «икс», «игрек», «зет» болуп, Кай тарапка кеттиң экен бет коюп?.. Карааныңды билбей кайдан издээрди, Калдым […]

Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: Төрт салаа жаш агат жазган ырымдан

ТӨРТ САПТАР Жоргодон туулган жоргокту айт, Баатырдан туулган коркокту айт. Устадан туулган чоркокту айт, Сындуудан туулган сөлпөктү айт. * * * Бир пендеде эки дүйнө — эки асман: Бири — дүйнө, бизди айыпсыз жараткан. Бири -дүйнө күлкү менен жарааттан, Жанды тиштеп биздер куруп бараткан. * * * Жакшы китеп окугула, Кыз сулуусун өпкүлө. Жаш кезде чок чокугула, Көпкөнүңчө көпкүлө. * * * Даңк азгырып өпкөңдү алып мобул жол, Багалегиң үзүп бийлик канчыгы. Сен — бийиктик сага жетүү кандай оор, Намыс, […]