Харуки Мураками: Арам өрдөк

АҢГЕМЕ Кууш бетон тепкичтер менен ылдый түшүп, бийик шыбына карай кургап калган арыкка окшогон кеңири, узун  коридорго туш келдим. Дубалдагы лампочкалар каптаган калың чаңдан майда тор менен курчап койгонсуп араң эле үлбүлдөйт, андан да ар бир үчүнчүсү күйүп кетиптир. Өзүмдүн алаканым араң көрүнөт. Жым-жырт. Караңгы коридордогу жалгыз добуш, резинка таманы бетон полдо кырчылдаган менин кроссовкамдын добушу. Коридор менен эки жүз же үч жүз метрдей баскандай болдум, балким километрдейдир. Эч нерсе ойлонбой, жөн эле келе бердим. Бул коридордо аралык да, убакыт […]