Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Тайгак жол, тар кечүүгө келип калдык

(Эки эненин аңгемеси “Саманчынын жолунун” мотиви  менен ) – Амансыңбы, Жер-Эне! – Аманчылык,Толгонай, келдиңби? Былтыркыдан быйыл картая түшүпсүң  го? – Сен дагы, Жер-Эне. Бөкчөйүп, бөксөрүп кетипсиң, эмне болду? – Мен куруюн, оорубаган жерим жок. Топурагымдан жаралган адам баласы, кайра эле менин койнума келээр адам баласы жанымды кыйнап салды. – Билем, Жер-Эне , ата-бабабыздын сөөгү жаткан Үзөңгү-Кууш кетип атканда үзүлүп кете жаздагансың. Каркыра кеткенде кашайгансың. Мен да кыйналгам. Бирок бизди–  энелерди  уккан бирөө жок. – Ээ, Толгонай, болор болбос акчага боорумду […]