Назгүл ОСМОНОВА: Аманат бар, а аны уккан барбы?

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2015-2016-жылдары дагы бир даңктуу бабабыз, чыгыш-мусулман-ренессансынын улуу ойчулу, Караханиддер каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, мамлекетти башкаруунун теориясы менен практикасына, түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленген. Караханиддер каганаты 10-12-кылымдардагы ири мамлекет болгон. Анын курамындагы түрк элдери маданий, экономикалык жана саясый чоң өсүшкө жетишкен. Азыркы Кыргызстан аймагында эле 60тан ашуун шаар болгон. Алардын ичинен биздин заманга чейин сакталып калгандары Токмок шаарындагы Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль күмбөзү жана “Таш-Рабат” кербен сарайы эсептелет. […]