Султан РАЕВ: Чаң жол (шедевр)

АҢГЕМЕ Таң заарлап, аңызды кыя салып жыландай соймоңдоп кеткен чаң жолдо Жусубали баратты. Ал мындан ат чабымдай жердеги таш жолго бараткан. Буердегилер ошо таш жолдон дамамы шаарга катташат. Жусубалинин кийгени демейдегиден башка. Чилтенден бетер жасанып, кыздын баласындай. Чыкыйып алган. Басканы кашаң. Жусубали кудайдын куттуу күнү ушу чаң жолдон өтөт. Ушу жолдон күн тосуп, ушу жолдон күн батырат. «Өлсөм ушу жолдо өлөм» — бу анын ою. Бүгүн чыкыйып кийинип алганына караганда өзгөрүү бар кыязы. Ийнинен түк түшпөгөн кетмени бүгүн негедир көрүнбөйт. […]

Сабир ДОСБАЕВ: Адамды адам кылып турган эмне? (Уландысы)

Мурда жарыяланган бөлүгү Анда баштаган ой учугун улайлыбы? Анда кеттик. Ай-ааламга үстүртөн болсо да көз чаптырып, назар салдык. Адамга, анын дене мүчөлөрүнө, ал мүчөлөрдү түзүп турган клеткаларга да байкоо салымыш болдук. Алардын кичинекей болсо да өзүнчө жашоолору бар экенине көңүл бурдук. Эми ошол клеткаларды, биздин имаратыбыздын кыштарын түзүп турган нерселер жөнүндө кыскача сөз. Курулушта колдонулган кышты топурак, суу, кум, цемент сыяктуу заттар түзсө, биздин денебиздин кыштарын минералдар менен витаминдер түзөт дедик. Ошолор кайдан пайда болот? Организм ошол заттарды кайдан алат? […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Үйүбүзгө жакын жерде санаторий бар эле. Чатырынын алды толтура жапайы кептерлер. Анын кароолчусу менен кышында от жаккан Сопубек байкеге “көгүчкөн кармап бериңизчи” деп бир рубль көтөрүп бардык. — Кечинде келгиле, — деди. Сүйүнгөн бойдон кеттик. Кеч кирсечи… Күндү колубуз менен жылдырчудай “уяңа кир, уяңа ки-ир, ээй… кү-үн уяңа ки-ир…” деп кыйкырдык. Тооккананын ичин даярдадык. Тоокторго кошуп бакмай болдук. Ошентип биз күткөн кеч да кирди. Таар мүшөктү көтөрүп экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. Убадасына туруп бизге мүшөк толтура көгүчкөн кармап берди. Алып […]

Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ: Коркок коён күлкүлүү, баатырсынганы андан бетер

Пьер ДАНИНОС (1913), француз жазуучусу  Жашоодо бири ашкере узун, бири ашкере чолок сүйлөйт. Ток этер сөз драматургдарга гана дайын. * * * Түшүнбөйм, адамдар театрга жөтөлүш үчүн барабы же кээси театрга барганы үчүн жөтөлөбү? * * * Ишиң жүрүшүп, итиң чөп жеп калганын өзүң байкабашың мүмкүн, муну салыкчылар биринчи байкайт.   Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ (1920-?), поляк сатириги Эң кооптуусу – өз көлөкөң. Себеби ал эч качан кайда кыйшаярын билбейт. * * * Туугандары жакыр үйбүлөнүн башынан азап кетпейт. * * * […]

Кайнатасына жаккан келин

Болгар жомогу   Үйүндө бакчасы гүлдөгөн чал болуптур. Бакчасында кайналы толо өсчү экен. А үйүндө жыйырмага чыгып эр жеткен уулу болуптур. Үйлөнтүш керек дейт уулун. «Тарбиялуу, мээнетчил уул өстүрдүм. Эми ага жакшы колукту таап берүү парзым калды. Уулума ылайык колуктуну кайдан тапсам экен?» деп ой басат камкор атаны. Көпкө ойлонуп отуруп, ылаажысын тапты: арабага кайналы жүктөп, кыштакты кыдырып сатмай болду. Алдындагы атын алкынтып айдап, катуу кыйкырык салды кыштакта: – Кимге кайналы керек? Кайналы алгыла! Кайналыны таштандыга айырбаштаймын. Муну уккан катын-калачтар дуулдап […]

Бөбөктөр дүйнөсүндө жашаган эки автордун чыгармасы

Каныбек ЖУНУШЕВ Балдар адабияты АРЧА Акылым жетпей башкага… Жылмайык бийик аскада Таңгалам десең, таң калам Илинип турган арчага. Кай убак көрсөң жапжашыл Канчада жашы билинбейт. — Туура миң жыл жашадым Туулган күнүм бүгүн дейт. БЫШЫРСА БОЛБОЙБУ! «Мээге чай кайнатпа» Дей берет агам Асанбай. Борщ бышырса болбойбу, Баштын ичи казандай… КАРГА Сагызгандай шакылдаган Сабатым жок окуган. Бирок мендей дыйкан жок Кечке жерди чокуган. ЖАРАТЫЛЫШ «Ай жарык-ай, Ай жарык!» Бакалар чардайт шаңданып. Жаратылыш жаркырайт, Жандууга өзү таң калып. Сулайман РЫСБАЕВ Бир түйүнчөк […]