Карыбек БАЙБОСУНОВ: Текебаев эрке талтаң оппозиционердин образынан чыга албай койду

Белгилүү саясат таануучу жана философ Карыбек Байбосунов менен маек. – Карыбек байке, элди чочулаткан президенттик шайлоо тынч өткөнсүдү. Эми кийинки кырдаалдар кандай болот? Маселен, Атамбаев салттуу жол менен бийликтен кетти дегенибиз менен бирок ал саясаттагы өз таасирин колдон чыгарчу түрү жок. Агер мурдакы таасирин сактоо аракетин уланта берсе, өз командасына пайдасынан зыяны чоң болуп калбайбы? – Көзү ачыктарга окшоп, “андай болот, тигиндей болот, болду-болбоду минткени калды” деп баш оорутпайлы да, сөздү түз айталы. Атамбаев кечке эле башкара бермек беле! Өкмөт […]

Бекташ ШАМШИЕВ: АША «эски оюнчуларды» өзү менен кошо «ала кетери» өтөле опуртал оюн

Белгилүү адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маегибизди сунуштайбыз… Саясат – Сиз менен көрүшө элегиме көп болуп кетти. Өзүңүздү сагындым, сөзүңүздү сагындым, Бекташ байке. Убактыңыз тар экенин билем, бирок ошентсе да адабият жаатында, бүгүнкү саясый кырдаал боюнча кеп куруп бере аласызбы? Арийне, «Азаттыкта» иштегендер бардык окуялардын чордонунда жүрбөйсүздөрбү… Сиздин оюңузча, сөздүн ток этер жери кайсында? Кепти ошондон баштап берсеңиз… — Сөздүн ток этер жери барып-келип эле саясатка такалып атканын сурай албай турусуң го, Олжобай. Чейрек кылымдан […]

Ой калча: Болот ШЕР АШАнын логикасына жем таштады

БОРООН БОЛБОЙБУ? Алмазбек Шаршенович Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революциянын башында турган өзү экендигин В.Путиндин алдында мактанды. Мактансын. А бирок ошол мактанычтын майнабы эмне болуп отурат?.. Демек, 2005-жылкы жана 2010-жылкы революциянын жоопкерчилиги анда кимдин мойнунда экендигин кечээ экс-эл депутаты Болот Шер кемелин келиштире айтты. Көрсө, эки жолку революциянын автору эл экен деп жүрсөк, Атамбаев экен. А башкалары эки жолку козголоңдо тең четте карап туруптур. Чайкоочулук эмес бекен… Эми ушул жерден 2010-жылкы революцияга келели. Революция учкуну каяктан тутанды?.. Муну бүгүн ар […]