Роза ОТУНБАЕВА: Атамбаев Келдибековду кучактап, бетинен өөп, өмүр бою жакшылыгыңды унутпайм дептир

— Жакында эле Өмүрбек Текебаев “менин катачылыгым — Роза Исаковна 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзүү укугун мага тапшырганда, макул болбой койгонум…” деп өзүнүн катачылыгын билдирбедиби… — Ооба, ошондой иш болгон. Чаң-тополоңдор тыйылып, парламенттик шайлоо бүтүп, жеңишке жетишкен партиялар парламенттик көпчүлүк коалициясын курардын алдында турушкан, бул көпчүлүк жаңы өкмөттүн структурасын, курамын аныктамак. “Ата-Журт” фракциясынын саны боюнча биринчи болуп турганына карабай, мандатты КСДП фракциясына бердим, албетте бул жерде моралдык да, саясий да артыкчылыгы бар деп эске алдым, мүмкүнчүлүктү Атамбаевдин […]