Темирлан Бейшенов: Кылыгын койбогон кыргыз

АҢГЕМЕ Таңга маал телефонум шыңгыраганынан алсам, бажам чалыптыр. Түнү менен такси айдап, таңга маал жаңы келгем. Телефон өчүрбөгөнүмө өкүнүп, жок дегенде аны албай эле койсомчу деп кейип, тулку-бой чарчап, өзүм да уйкусурап отуруп, бажамдын айтканынын көбүн түшүнгөн деле жокмун. Бажам быдылдап тез сүйлөчү, ушундай адамдар болот эмеспи, дайыма бир жакка шашкансып безилдейт. Бир гана: «Саат сегизге келип кал»,- деген сөзү кулагымда. «Макул, — дедим да, уйкуга баратып өзүмчө: Энеге макул дедим, башка бир шылтоону айтып кутулбайт белем?» — деп баш […]

Темирлан Бейшенов: Саха тили деген эмне?

Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин арасында көр тирилик жашоодон сырткары да илим-билим, маданият жаатында өз жолун издеп жүргөн кыргыз урпактары арбын. Алардын катарында “РухЭш” сайтынын туруктуу авторлорунун бири – жаш жазуучу Темирлан Бейшенов якут элинин үрп-адат, маданиятын, тилин өздөштүрүп жана саха тили туурасында кыргыз окурмандарына кызыктуу маалыматтарды жеткирүү максатын коюп, өз алдынча изилдөө жүргүзгөнү кубандырат. Төмөндө биз анын саха тилинин таржымалы боюнча жазган эмгегинен үзүндү жарыялоону туура көрдүк. Арийне, тил илимине ышкысы артып жүргөндөргө бул эмгек кызыктуу болор деген ойдобуз… Саха […]

Темирлан Бейшенов: Тыңчы кумурска (шедевр)

АҢГЕМЕ Баштыкты апам аябай бекем ороптур, чаң, суу тийбесин дегени го, же бирөө-жарым албасын дегениби, айтор, бир топ кыйналып жатып ачтым. Баштыктын ичин ачып, курут, мөмө-жемиштердин кургатылган кагы, эки жүн байпак, ичинде бир карын сары май, дагы биринде кожогаттан кыям бар экен. Баштыктын түбүнө гезит-журналдарды, мен сураган китептерди салыптыр. Банкаларды сынбасын деп байпак ичине салган апамдын тапкычтыгына, жылуу жүн байпак менен издеген китептерди жөнөтүп жибергенине ыраазы болуп, аларды улам биринин артынан бирин кармалап, кучактап, апамды сагынып, аяп, көзүмө жаш толо […]

Темирлан Бейшенов: Жамгыр жууган махабат

НОВЕЛЛА Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз  жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан мезгилдердин кайгылуу, муңдуу учуру эле. Экөөбүз жылуу маанай менен  көрүштүк. — Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Сени көргөндө  өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл  сөзү менен “жакшы” анан “шүгүр” деп кошумчаладым. — Өзүңчү көптөн бери көрүнбөйсүң? Кандай жүрөсүң? — Менде баары жакшы… Турмушка чыккам. Кыздуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде иштеп жатам. — Кубанычтамын. — Сенчи? Сураганым жеке жашооң кандай? — Мен… Менде баары […]

Темирлан Бейшенов: Бир күнү мен онлайнда болбойм

АҢГЕМЕ Чөккөн, калган, муздаган көңүл мени ушундай ойлорго курчады. Бир күнү мен онлайн болбойм. Сага деген в сети да, жашылым да, жалыным да жанбайт. Интернет желесинде профилим жок болот. Мен сенин жашооңдо жок болом. Жымжырттыкка айланам. Бул жарыкчылыкта түбөлүктүү эч нерсе жок. Баары убактылуу. Бир заматта баарын шамал учургандай, толкун шыпыргандай, кечээ эле жаныңда жүргөн адамдарды ажалга жулдуруп кайсалап таппай, издеп калгандай болосуң. Баары бүгүн бар да эртең жок. Адамдардагы мамиле да, сүйүү да ошондой. Сезим кылдары абдан назик. Бир […]

Темирлан Бейшенов: Сүйүү сагынган гүлдөр 

АҢГЕМЕ Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле. Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте  жаткан батириме келсем, түндө биз менен чогуу жашаган  үй-бүлөдө чоң чатак болуптур. Алар уйку бербей, кошуналар полицияга арызданып чакырышып, келсем баарыбызды (кожойке […]

Темирлан Бейшенов: Күтүү зары

НОВЕЛЛА Күтүү өмүрүмө, бешенеме жазылып калгандай. Бул күтүү армандуу күтүү болду. Азаптуу күтүү болду. Бүтүндөй жаштыгымды, өмүрүмдү, жарык дүйнөдөгү болгон кайгы-кубанычымды жутуп алган күтүү болду. Өлүм жетелеп келген күтүү болду. Сага эмне мынча берилип, мынча эмне сүйүп калганымды түшүнө албайм. Сага болгон менин байкуш сезимим ай. Байкуш жүрөгүм ай. Ушунчалык кыйналып бүттү. Тирүү жандар түшүнбөс, ааламды жалгыз кезген боздогон бороондой болдум. Ай талаада калып, куурап бараткан жапжалгыз дарактай болдум. Дарак сууга суусап куураса, мен сүйүүгө, сага суусап куурап баратам. Өмүр […]