Сагын АКМАТБЕКОВА: Калемдин айтканы (шедевр)

АҢГЕМЕ Көптөн бери үйүндө жалгыз. Күндө жазып отуруп жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнгөн сайын учумду чыгарып учтап коет. Жазат. Кайрадан түгөнө баштайм. Менин түгөнгөнүмдөнбү же өзүнүн түгөнгөнүнөнбү, акыры таштап салат. Сары кагаздардын үстүнө. Ак кагаздарга сейрек жазат. Алар ардакталып текчеде. Машинканын жанында. Машинканы жаңы эле сатып алды. Сары кагаздар менен мен дайыма стол үстүндөбүз. Көбүнчө туш келди ташталып, чачылып жаткан болобуз. Кээ күндөрү таптакыр эле унутулуп калабыз. Ошондо өзүмдүн өткөн күндөрүмдү эскере баштайм. Калем боло электен мурда дарак болгонум эсиме түшөт. […]