Бурулкан Бакеева: Мени кантип өлтүрүшкөн?

Детектив аңгеме Мени өлтүрүп коюшканына 29 күн болду. Белгисиз болуп, дайыны жок болуп жаткан менин өлүмүмө тиешеси барлар кошо издеп атышат. Каерде сөөгүм жатканын билип туруп, издеп “таппай” жүрүшөт. Өзүмдүн ак жүрөктүүлүгүм, ишенчээктигим башымды жутту. 27 деги гүл жигит курагымда, аял алып кызыгын көрбөй, балалуу болуп артыма туяк калтырбай, жашоону таштап шейит болуп кете бердим. Тергөөчү болуп иштейт элем. Кыз зордуктаган жигит акча берип кутулуп, башка бир бечараны ак жеринен каралап түрмөгө түртүшкөнүн, уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылган ишти […]